Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Чүй облусуЫсык-Ата району 30.12.2019 12:06

Ысык-Атада 300 балага белек тапшырылды

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарындагы А.Тойтоев атындагы маданият үйүндө акимдин жаңы жылдык балаты майрамы белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Байыш Курманов келечек муунду жаңы жылы менен куттуктады.

«Мектепте жакшы билим алып, келечекте мамлекетибиздин туусун бийик желбиреткен, өнүгүүсүнө салым кошкон мыкты уул-кыздардан болгула», - деди ал.

Акимдин балатысы жыл сайын белгиленет. Быйылкы иш-чарага мектептин алдыңкы окуучулары, социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар чакырылган. Бөбөктөргө арналган жаңы жылдык жомокту Аяз ата менен Аяз кыздын оюн-зоогу коштоп, 300 балага белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×