Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Чүй облусуПанфилов району 30.12.2019 11:14

Курамада аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жаңы  жылдык белек  берилди

Turmush -  Панфилов районундагы Курама айыл аймагында жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жаңы жылдык белек берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Курама айыл өкмөтүнө Орто-Арык, Жайылма, Эфиронос жана Панфилов айылдары карайт. Жергиликтүү тургундардын басымдуу бөлүгү мал жана айыл чарбасы менен алектенет.

«Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы жыйынтыкталып жаткан учур. Бирок бул маанилүү иш-чара келерки жылдарда да улантыла берет. Себеби, аймактар өнүксө гана өлкө өнүгөт эмеспи. Элдин жашоо турмушун жакшыртуу, социалдык көйгөйлөрүн чечүү, аларга жакшы шарттарды түзүп берүү башкы милдеттердин бири. Жакында аймактагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жергиликтүү бюджеттин эсебинен 300, демөөрчүлөрдүн жардамы менен 90 даана белек бердик. Буга чейин да жардамдар көрсөтүлүп келген. Тактап айтканда, 3-декабрь — Карылар күнүндө 2,5 тонна ун таркатканбыз. Анын наркы 75 миң сомду түзгөн. Ошондой эле айыл аймактын жашоочулары таза суу менен камсыз болууда», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×