Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Чүй облусуСокулук району 30.12.2019 10:38 На русском

Ичкиликтен каза болгон эненин балдары өз атасынан качып, өгөй атада калды. Бир үй-бүлөнүн тагдыры

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Чүй облусуна караштуу Чүй районунун 40 жаштагы тургуну Зарина Сармамбетова 5 жылдан бери Чүй райондук социалдык өнүгүү башкармалыгында социалдык кызматкер болуп эмгектенип келет. Ал эмгек жолундагы жүрөк өйүткөн окуяларды жана соцкызматкердин көзгө көрүнбөгөн түйшүктүү ишин айтып берди.

«8 жашар Айбектин окуясын айтып берейин. Айбектин атасы биринчи аялы менен таарынышып, үйүнөн кетип калган. Атасынын эжелери ага башка аял алып берип коюшкан. Анан ушул Айбек төрөлөт. Бирок энеси баланы караган жок. Эмнеден экенин билбейм, айтор баланы атасына таштап, башка жакка кетип калды. «Бала мага кереги жок» деп айтыптыр. Турмуш экен, Айбектин атасы биринчи аялы менен кайра жарашты. Ал Айбекти өз баласындай багып алды. Биз Айбекке туулгандыгы тууралуу күбөлүк алууга жардам бердик. Бирок күбөлүк алып берүү кыйын болуп, Айбектин өз апасына издөө салдык. Тиешелүү органдарга кат менен кайрылдык. Апасы чет өлкөгө кетип калыптыр. Апасы жок болгондуктан сотко кайрылдык. Акыры соттун чечиминин негизинде туулгандыгы тууралуу күбөлүгү берилди. Азыр Айбек 11 жашка толду. Өз апасын көрбөй өсүп жатат. Бул эми тагдыр. Бирөөгө зар, бирөөгө кор бала деген ушул эмеспи.

Жүрөктү өйүткөн дагы бир тагдыр тууралуу айтып берейин. Чүй райондук социалдык өнүгүү башкармалыгына жашы элүүгө барып калган жаран арыз менен кайрылып: «Келинчегим ичимдик ичет, балдарым жаш, алар каралбай калды» деди. Биз айыл өкмөттүн жетектөөчү адиси менен бир нече жолу барып, үйүнөн аялын таба алган жокпуз. Ошентип жүрүп аял катуу оорудан каза болуп калды. Ичимдиктен эле болду окшойт. Мурда башка күйөөсү болгон экен. Андан эки эркек баланы ээрчитип келип, аталган жаранга турмушка чыгыптыр. Бул күйөөсүнөн эки кыздуу болгон. Ошондо бул аялдын артында 2 кыз, 2 уулу калды. Балдары 7-8-класстарда окуйт. Кыздарынын улуусу 6 жашта болсо, кичинекейи 1 жашта. Эми ушул балдарды атасы жалгыз багып, чоӊойтуп жатат. Жүрөктү өйүткөнү — бул балдар эне мээримин көрбөй чоӊоюп жатышат. Улуу балдарын өз атасына берели деп, атасына издөө салдык. Аны таап, «сиздин ушундай балдарыӊыз бар экен, багасызбы?» десек, анын азыркы жубайы «багалы, өзүбүзгө алалы» деди. Анан атасы балдарды алып кеткени келди. Бирок балдардын улуусу ал күнү үйүнөн качып кетти. Кичүүсү болсо «барбайм, мен ушул баккан атам менен калам. Байкем дагы барбайм деп жатат» деп жооп берди. Анын өз атасына болгон көздөрү чоочун болчу. Баары бир чын жүрөгү менен кетмек эмес. Биз ал жерге комиссия менен барганбыз. Ошол жерден акт түзүлдү. «Байкеӊди чакыр, биз алып кетпейбиз, жөн эле сурайбыз» дедик. Бир маалда байкеси келди. «Мен баккан атам менен калам» деди да өз атасын карап туруп, «мен бул кишини тааныбайм, билбейм» деп так кесе жооп берди. Кичинесинен ата-энеси ажырашып, өз атасын жакшы тааныбай калышкан. Эс тартканы өгөй атанын колунда өсүп-чоӊоюшту. Ошол себептен алардын тандоосу ушундай болду. Сөз кезеги баккан атасына жеткенде ал: «Экөөнү теӊ бага берем, өз балдарымдай көрөм» деп жооп берди. Ошентип ал жаран сотко арыз менен кайрылып, соттун чечими менен эки балага камкорчу болуп калды. Биз бул балдарды көӊүлдүн сыртында калтырбай, дайыма майрамдарда чакырып, белектерибизди берип турабыз. Атасы ыйман жолунда жүргөн киши. Пейли кенен адам. Өгөйлөбөй эки уулдун бирин лицейде, экинчисин колледжде окутуп жатат», - деди ал.

Зарина Сармамбетова үй-бүлөлүү, 1 кыз, 3 уулдун апасы.

«1996-жылы Он бир-Жылга орто мектебин ийгиликтүү аяктап, ушул эле жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине кабыл алынып, аны 2001-жылы бүтүргөм. Эмгек жолумду 2008-жылы Чүй айылындагы С.Ибраимов атындагы №2 орто мектебинен баштагам. Бирок, үй-бүлөлүк шартка байланыштуу 2014-жылы Чүй райондук социалдык өнүгүү башкармалыгына соцкызматкер болуп киргем. Алгач жумуштун оордугун деле билген жокмун. Социалдык кызматкерлер калктын аярлуу катмары менен иш алып барабыз. Жалгыз бой жарандар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар жана ар кандай үй-бүлөлөр менен иштешебиз. Аларга колубуздан келген жардамдарды берип келебиз. Үзүрлүү эмгектин арты менен биздин башкармалыктан, райондон, облустан алган грамоталарым бар», - деди ал.

Зарина Сармамбетова: «Бул эмгек жолумда көп эле жарандарга жардам көрсөттүм. Жаш балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү турмуш шартка байланыштуу алынбай калган учурлар кездешет. Алардын документтерин топтоп, күбөлүктү ата-энелерине тапшырган учурда кубанып, рахматын айтышат. Кээ бир ата-энелер ичкиликтин айынан балдарын бага албай, мектеп-интернаттарга тапшырышат. Бирок кийин алар ичкиликти таштап, жумуш таап, жашоолорун оӊдогон соӊ, кайрадан үй-бүлөнү бириктирип, балдарын алган учурлар болот.

Негизи жалгыз бой улгайган адамдар менен иштөө абдан оор. Алар аябай назик келишет. Алар менен тил табышып, эмне жардам керек экенин сурап, ооруканага жаткырып, абалын сурап турабыз. Айрымдары көчөдө калышат. Алардын документтерин топтоп, карылар үйүнө алып барабыз. Бир жолу 80 жаштагы бир атаны карылар үйүнө жеткиргенбиз. Ал киши карылар үйүнө барганына сүйүнүп, «жок дегенде баш калкалаганга үйүм, ичер тамагым, көрөр күнүм бар экен. Тегерегимде кобурашып, сүйлөшкөнгө мага окшошкон карылар бар турбайбы» деп айтканы эсимде. Мындан сырткары сөөк коюу, дарыгер келгенге чейинки алгачкы медициналык жардамды көрсөтүү, тез жардамды чакыруу, ооруканага жайгаштыруу сыяктуу иштер менен алектенебиз. Улгайган жалгыз жарандардын абалын сурап, алардын жашоодогу үмүтүн өчүрбөй, ар бир күнүн активдүү өткөрүүгө үндөп, колдон келген жардамыбыз менен жөлөк болуп беребиз.

Чүй району дотациялык район болгондуктан Карылар, Майыптар күнүндө демөөрчүлөрдү издеп, ар кандай майрамдарды уюштуруп беребиз. Улгайган адамдар бизден көп нерсени күтүшөт. Аларга барбай калсак, «ооруп калдыӊбы, эмне келбей калдыӊ?» деп сурашат.

Социалдык кызматкерлердин жумушу абдан оор, бирок кызыктуу, ар тармактуу десем болот. Биздин жардам элге тийип жатканына кубанып калабыз. Бул кесип Кыргызстанга абдан керек кесип. Кайда барба, ар кандай турмуштук оор сыноого кабылган жарандар бар. Аларга кимдир бирөөнүн жардамы керек», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×