Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Чүй облусуКемин району 29.12.2019 23:05

Кеминде акимдин балаты майрамына мыкты окуган 300 окуучу катышты (видео)

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районундагы маданият үйүндө акимдин жаңы жылдык балаты майрамы белгиленди. Ага райондогу мыкты окуган 300 окуучу чакырылган. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Майрамдык иш-чарада аким Нурлан Шаршеналиев куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Анын айтымында, салтанатка мыкты окуган окуучулардан сырткары предметтик олимпиаданын жеӊүүчүлөрү да чакырылган.

«Райондук предметтик олимпиадага 353 окуучу катышып, алардын ичинен 1-орунду алган 29 окуучуну да чакырдык. 29 окуучуга баалуу белектер, калган окуучуларга таттуу белектер тапшырылды», - деди аким.

Акимдин балаты майрамы тамаша, оюн-зоок менен коштолуп, концерттик программа тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×