Бөлүмдөр
Ишемби, 25-январь
Чүй облусуМосква району 29.12.2019 15:00 На русском

Александровкада жашоочулар спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салышты

Turmush -  Москва районунун Александровка айыл өкмөтүндө спирт ичимдиктери сатылбайт. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, Александровка айыл өкмөтүнө караган Александровка, Беш-Көрүк жана Крупская айылдарындагы дүкөндөрдө спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынган.

«Айыл өкмөттө көп улуттуу 17 миң 408 адам жашайт. 5 жалпы билим берүүчү орто мектеп жана 1 бала бакча бар. Жергиликтүү жашоочулардын басымдуу бөлүгү мал, айыл чарба жана соода-сатык менен алектенишет. Беш-Көрүк жана Александровка айылдарынын жашоочулары элдик жыйында дүкөндөрдө спирт ичимдиктерди сатууга тыюу салуу жөнүндө маселе көтөрүшкөн. Ал демилге колдоого алынып, сатуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Демилгени Крупская айылынын жашоочулары да колдоодо.

Биз айрым расмий статистикалык маалыматтарды карап көрдүк. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жүргүзгөн изилдөөлөргө таянсак кыргызстандыктар алкоголдук ичимдиктерди ичүү боюнча 188 мамлекеттин ичинен 106-орунда турат экен. Алкоголдук ичимдиктин айынан дүйнө жүзүндө бир жылда 3,3 миллион адам көз жумса, Кыргызстанда бир жылда 11-12 миң адам каза болот экен.

Аракечтик өзгөчө жүрөк-кан тамыр, боор жана ашказан-ичеги ооруларын козгойт. Ушундай маалыматтарды элге жеткирип, аймакта алкоголдук ичимдикти сатууга тыюу салып жатабыз», - дешти жергиликтүү тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×