Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Чүй облусуМосква району 28.12.2019 12:35

Сүрөт — Чүйдө бөбөктөргө мөөнөтү өтүп кеткен таттуулар таратылган. Жеке ишкерге айып салынды

Turmush -  Москва районунда мөөнөтү өтүп кеткен таттууларды саткан дүкөнгө 23 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга атайын түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрү билдирди.

Москва районунун Беловодск айылындагы борбордук базарда жайгашкан «Асанбай» дүкөнүндө мөөнөтү өтүп кеткен таттуулар (Алпен Голд шоколады) сатылган. Комиссиянын мүчөлөрүнүн айтымында, 25-декабрда Беловодск айылындагы «Бакыт» бала бакчасында жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлгөн. Бөбөктөргө бериле турчу белектердеги таттууларды ата-энелер аталган дүкөндөн сатып алышкан. Бирок ата-энелер таттуулардын жарактуу мөөнөтү өтүп кеткендигин байкашып, таттуулар кайра дүкөнгө тапшырылган. Бул окуяны иликтөө үчүн комиссия түзүлүп, анын курамына раймамадминистрациянын, райондук социалдык өнүгүү кызматынын, РИИБдин, санэпидемстанциянын, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын, айыл өкмөттүн кызматкерлери кирген.

«Мөөнөтү өтүп кеткен таттууларды саткан дүкөн комиссия тарабынан ыкчам түрдө текшерилди. Дүкөндүн ээси, жеке ишкер М.А. күнөөсүн мойнуна алды. Алар сатылып жаткан таттууну ким алып келгендиги боюнча тийиштүү кагаздарды көрсөтө алышкан жок. Дүкөндүн ээси айып пулду тез арада төлөп бере турганын билдирди», - дешти комиссиянын мүчөлөрү.

Буга чейин Turmush басылмасы Москва районунда бөбөктөргө бериле турган жаңы жылдык таттуу кайрадан дүкөнгө тапшырылганын жазган.

«Балдарыбыздын балаты майрамына райондун борборундагы дүкөндөн таттуу (шокалад) алганбыз. Белектер ата-энелер комитети тарабынан даярдалган. Балаты майрамы өтүп жаткан учурда алган таттуубуздун мөөнөтү өтүп кеткенин сыртындагы жабыштырылган кагаздан улам билип калдык. Ошол замат тарбиячылар менен биргеликте таттууну таратууну токтоттук. Дароо дүкөнгө кайрылдык. Биз таттууну сатып алган дүкөнгө тапшырып, жаңысын ала турган болдук. Бул жерде бала бакчанын эч кандай тиешеси жок. Ата-энелер жоопкерчилигин өз мойнубузга алганбыз. Бала бакчанын кызматкерлерине балаты майрамын жогорку деңгээлде өткөрүп бергенине ыраазычылык билдиришибиз зарыл. Ар ким ар кандай ушак сөздөрдү тарката бергени туура эмес», - дешкен ата-энелер.

Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну «Репортер» басылмасына мөөнөтү өтүп кеткен «Алпен Голд» шоколадынын видеосун жөнөткөн.

Анын айтымында, таттуунун сыртына эски жарактуу мөөнөттүн үстүнө кагазга жазылган жаңыланган мөөнөт чапталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×