Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Чүй облусуМосква району 27.12.2019 15:16

Москва районунда бөбөктөргө бериле турган жаңы жылдык таттуу кайрадан дүкөнгө тапшырылды

 «Бакыт» бала  бакчасы
 «Бакыт» бала  бакчасы

Turmush -  Москва районундагы Беловодск аймагында жайгашкан «Бакыт» бала бакчасы балаты майрамын өткөргөн. Анда ата-энелер тарабынан алынган таттуунун жарактуу мөөнөтү өтүп кеткени аныкталып, кайрадан дүкөнгө тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга ата-энелер билдирди.

«Балдарыбыздын балаты майрамына райондун борборундагы дүкөндөн таттуу (шокалад) алганбыз. Бул ата-энелер комитети тарабынан ишке ашырылган. Балаты өтүп жаткан учурда алган таттуубуздун мөөнөтү өтүп кеткенин сыртындагы жабыштырылган кагаздан билип калдык. Ошол замат тарбиячылар менен биргеликте таттууну таркатууну токтоттук. Дароо дүкөнгө кайрылдык. Алар да башка фирмадан алып келгенин тастыкташты. Биз таттууну сатып алган дүкөнгө тапшырып, эми жаңысын ала турган болдук. Бул жерде бала бакчанын эч кандай тиешеси жок. Ата энелер жоопкерчилигин өз мойнубузга алганбыз. Бакча кызматкерлерине балаты майрамын жогорку деңгээлде өткөрүп бергенине ыраазычылык билдиришибиз зарыл. Ар ким ар кандай ушак сөздөрдү тарката бергени туура эмес. Балдарыбыздын алдында чындыкты сүйлөшүбүз керек», - дешти ата-энелер.

Учурда бул окуя боюнча райондун ички иштер бөлүмү тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×