Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Чүй облусуЫсык-Ата району 25.12.2019 14:21

Ысык-Атадагы электр линиялары калыбына келтирилди

Turmush -  23-декабрда түнкү саат 03:30 чамасында Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылынын Ленин көчөсүндөгү эки үйдүн электр жарыгы авариядан улам өчкөн. Учурда ал көчөдө электр энергиясы толугу менен калыбына келтирилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

«Аталган даректеги үйлөрдүн жылытуу системасы дагы электр энергиясына кошулган. Жылытуу системасына жаңы проводдор коюлуп, тургундар жылуулук менен дагы камсыз болушту. Буга чейин "Түндүк электр" ААКка бул авария тууралуу маалымат беришкен», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×