Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Чүй облусуМосква району 25.12.2019 08:46

Балаты майрамында шыбы түшүп кеткен мектеп: Окуяны комиссия иликтеди. Сүрөт

Turmush -  Кечээ, 24-декабрда Москва районунун Александровка айылындагы Ясыр Шиваза атындагы орто мектебинде өткөрүлүп жаткан жаңы жылдык балаты майрамында спорт залдын шыбы түшүп кеткен. Анын себептерин иликтөө максатында райондук мамлекеттик администрация тарабынан комиссия түзүлүп, окуянын чоо-жайы иликтенген. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Алардын маалыматына караганда, окуя 24-декабрь күнү саат 12:00 чамасында болгон. Жаңы жылдык балаты майрамы башталгыч класстардын окуучулары жана алардын ата-энелеринин катышуусунда мектептин 2-кабатындагы спорт залда өтүп жаткан. Ошол учурда бурчтан шыптын 1,2 чарчы метр шыбагы түшүп кеткен.

«Майрамдык салтанат саат 9:00дө башталган жана башталгыч класстардын окуучулары кезек-кезеги менен спорт залга киргизилип жаткан. Саат 12:00дө 3-кезектеги 70 окуучу жана алардын ата-энелери, мугалимдердин катышуусунда майрамдык иш-чара башталган. Ошол учурда шыптын шыбагы түшүп кеткен. Салтанат дароо токтотулган жана бул окуя боюнча тийиштүү жерлерге ыкчам түрдө кабарланган. Окуучулар, ата-энелер жана мугалимдердин ичинен эч ким жабыркаган эмес. Бир гана ошол бурч тарапта отурган музыкант жараат алган. Ал дароо дарыгерлерге кайрылган. Анын абалы жакшы. Жараат алган жери өмүрүнө коркунуч туудурбайт. Музыкант мектеп администрациясына эч кандай доо-арызы жок экенин билдирген. Эми балаты майрамы 1-кабаттагы фойеде өткөрүлөт», - деп айтылат өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалыматында.

Ясыр Шиваза атындагы орто мектеп 1962-жылы курулган. 2 кабаттуу. Долбоор боюнча 900 окуучуга ылайыкталган, бирок учурда 1490 окуучу орус жана кыргыз тилдеринде окушат.

«Ушул жылдын 17-декабрында мектептин чатырын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү маселеси Чүй облустук өнүктүрүү фондунун отурумунда каралып, 3 млн сом бекитилген. Ал эми жергиликтүү бюджеттен 701 миң сом каралган», - деп билдиришти өкүлчүлүктөн.

Ал эми мектеп директору Мээрим Аширбаева жаңы жылдык балаты майрамы башталгыч класстардан башталганын билдирди.

«Салтанатты өткөрүү боюнча райондук билим берүү бөлүмүнөн көрсөтмөлөрдү алганбыз жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. РИИБдин кызматкерлери, ата-энелер комитети жана мугалимдер менен биргеликте коопсуздук иш-чаралары иштелип чыккан. Жаңы окуу жылына карата мектеп оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Шыптын шыбагы кандайча түшүп кеткенин түшүнбөй калдык. Балдарыбыз кырсыкка кабылган жок. Күтүлбөгөн окуя боюнча тийиштүү кызматкерлер келип кабар алышты. Мугалимдердин дагы жоопкерчилигин күчөттүк», - деди Мээрим Аширбаева.

Буга чейин Turmush басылмасы айыл тургундары директор менен бирге оңдоо иштери боюнча тиешелүү жактарга бир нече жолу кайрылып, бирок жыйынтык чыкпай жатканын билдиришкенин жазган.

Толук маалымат жана видео бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×