Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Чүй облусуЖайыл району 24.12.2019 10:07

Айыл турмушу: Кызынын ийгилигине кубанган эненин улуу сезимдери

Дарья Довбий
Дарья Довбий
// Турмуш

Turmush -  Чүй облусунун Жайыл районундагы Алексеевка орто мектебинин 1-классынын окуучусу Дарья Довбий Бишкек шаарында өткөрүлгөн Борбордук Азиянын жаш бийчилеринин олимпиадасында 1-орунду ээледи. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Дарья Довбий 4 жашынан баштап атайын ийримдерге катышып, гимнастикалык көнүгүүлөрдү аткарып келет. Аны апасы Екатерина Довбий көзөмөлгө алып, түрдүү сынактарга катышууга шарт түзөт.

«Дарья 7 жашта. Алексеевка орто мектебинде 1-класста окуйт. Биз Даша деп эркелетебиз. Кичинесинен шамдагай, зирек өстү. Айылыбыздагы "Колосок" бала бакчасында жүргөндө да түрдүү иш-чараларда бийлеп, сахнадан түшчү эмес. Ал 4 жашынан баштап райондогу маданият үйүндө уюштурулган гимнастика боюнча ийримге катышып келет. Бир жолу көнүгүүлөрдү аткарып жатканда бутун бийик көтөрүп жатып, жыгылып түштү. Чуркап барып, ыйлап жибердим. Ал кайра мага күлүп, так секирип ордунан туруп кетти. Жарым саатка жакын кайра-кайра бутун көтөрүп башына жеткирип жатып, ал көнүгүүнү аткарды. Ошондо анын өжөр экенине дагы бир жолу ишендим. Үйдө да ошондой. Айткан сөзүн аткарат. Азыр мектепте, райондо, облуста болгон сынактарга үзбөй катышат. Азырынча анын өнөрүнүн туу чокусу Борбордук Азиянын "Девочка на облаке" аттуу мелдешинде 1-орунду ээлегени. Ошол күн дагы да көз алдымда. Мелдешке жөнөп жатканбыз. Даша "чоң ата, мен 1-орунду жеңип келем. Даярдыгым жакшы. Сизге ант берем!" деп жоокерлердей колун маңдайына алган. Баарыбыз күлгөнбүз. Мелдешке ушунчалык күчтүү даярдыктагы балдар келишиптир. Таланттуу балдар көп экен. Бир чети сүйүндүм, бир чети корктум. Даша булардын арасында кандай болор экен деген ой басып алды. Анан Даша сахнага чыкканда көзүмдү бир да ирмебей карап турдум. Тим эле чимирилип укмуш бийледи. Өзүм да таң калдым. Элдер шатырата кол чапканда кадимкидей ыйлап жибердим. Бул менин кубанычтан төгүлгөн көз жашым эле. Жыйынтыгын күтүп, кызымды боорума кысып отурдум. Залдан "Дарья Довбий 1-орун" деген үн жаңырганда дагы көздөрүмдөн жаш куюлуп кетсе болобу. Үнүм буулуп, кубанычым денеме батпай турду. Ошол учур мен үчүн жашоомдогу эң бийик кубаныч болгон. Мүмкүн келечекте дагы нечен жолу кубанычтар күтүп тургандыр. Баарынан да балдарыбыз аман-эсен болсун», - деди апасы Екатерина Довбий.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×