Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Чүй облусуКемин району 23.12.2019 09:02 На русском

Ээрчишип кеткен жубайлар: Кеминде төрт бала жетим калды

Күбара Бахтиярова 4 небереси менен
Күбара Бахтиярова 4 небереси менен
// Турмуш

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Боролдой айылында төрт бала томолой жетим калды. Бул тууралуу балдардын чоӊ энеси Күлбара Бахтиярова билдирди.

«Былтыр, 2018-жылы келиним Татьяна кант диабетинин айынан комага түшүп, эс-учуна келбей каза болду. Ал 40 жашта эле. Андан кийин анын артынан уулум Аскар жүрөк оорусунан көз жумду. Келинимдин каза болгонуна бир эле жыл өткөн болчу. Аны жоктоп отурсак, минтип күйөөсү да кете берди», - деди ал.

Анын айтымында, уулу Аскар менен келини Татьяна 2005-жылы баш кошушкан.

«Уулум менен келиним 2005-жылы үйлөнүшкөн. Келинимдин мурунку жолдошунан (каза болуп калган) бир кызы бар. Ошону менен экөөнүн 3 кыз, 1 уулу бар. Уулу 9 жашта. Ал эми кыздарынын бири 12 жашта, дагы бири 13 жашта. Улуу кызы мектепти бүткөн. Кичүүлөрүнүн баары ушул Боролдой орто мектебинде билим алышат.

Өзүмдүн 2 уул, 1 кызым бар эле. Аскар уулумдан ушинтип ажырап калдым. Экинчи уулум дагы оорукчан. Кызым турмушта. Ал эми абышкам 10 жыл мурун кайтыш болуп калган», - деди ал.

Күлбара апа неберелерине жөлөк пул чектетүү үчүн тиешелүү документтерди социалдык кызматкерлерге өткөрүп койгон.

«Бул неберелерим менин колумда калды. Өзүм пенсия алам. Ал эми бул балдарга жөлөк пул чектетүү үчүн тиешелүү документтерди ушул жылдын сентябрь айында социалдык кызматкерлерге өткөрүп койгонбуз. Бирок акчасы келе элек. Жакында эле 1 тонна көмүр алдык. Эми дагы алышыбыз керек.

Маркум уулум Аскар ушул Боролдой айылындагы кесиптик училищада дене тарбия сабагын окутчу. Ал окуу жай жабылгандан кийин жумушсуз калган. Ал эми келиним жеке дүкөндө сатуучу болуп иштечү», - деди ал.

Күлбара апанын байланыш номуру: 0708 60 25 67.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×