Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Чүй облусу, Токмок 22.12.2019 16:42

«15 мүнөттүн ичинде баары күйүп кетти»: Насыяга үйүн оңдогон үй-бүлө көчөдө калып, 1,3 млн сомго чыгым болду

Өрт кырсыгы
Өрт кырсыгы

Turmush -  Кечээ, 21-декабрда Чүй облусунун Токмок шаарынын Железнодорожный көчөсүндөгү турак үй толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, өрттү өчүрүүгө жалпы 2 бөлүм тартылып, саат 13:54тө өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Үй кожоюну Замирбек уулу Каныбек өрттүн кесепетинен 1 млн 300 миӊ сомго чыгымга учурагандыгын айтат.

«Электр энергиясынын чыӊалуусунан үй толугу менен 15 мүнөттүн ичинде күйүп кетти. Өрт 21-декабрда болжол менен саат 13:00дө башталган.

Үйдө ата-энем, 7 жаштагы иним, мен жана келинчегим болуп 5 киши жашайбыз. Ошол күнү келинчегим экөөбүз жеӊем менен ооруканага кеткенбиз. Үйдөн өрт чыкканда апам уктап жаткан атамды ойготуп, колуна сумкасын алып, жети жаштагы инимди жетелеп эле сыртка чыгышыптыр. Үйдүн, унаанын жана башкалардын документтери, жаӊы эмеректер, үй тиричилик техникаларынын баары күйүп кетти.

Биз насыя алып, ушул турак жайды оңдоп-түзөп, жаңы оокаттарды жайгаштырганбыз. Ай сайын 65 миӊ сомдон төлөчүбүз. Эми ал насыяны дагы 3 жыл төлөйбүз. Майда-чүйдөнү эсептебегенде орто эсеп менен 1 млн 300 миӊ сомго чыгымга учурадык. Эмне кыларыбызды билбей калдык. Атам менен апамдын абалы начар болуп калды.

Элден жардам сурайт элек. Колдон келген жардамдарын беришсе, чын дилибизден ыраазы болобуз», - деди ал.

Замирбек уулу Каныбектин үй-бүлөсүнө жардам берем дегендер болсо 0702 91 08 13 (Элсом) номуруна чалсаӊыз болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×