Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Чүй облусу, Кант 20.12.2019 18:51 На русском

Компьютери жарылып, ооруканага түшкөн бала каза болду (толукталды)

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Жарылган компьютердин айынан ооруканага түшкөн өспүрүм бала каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ, 19-декабрда болжол менен саат 15:00 чамасында Кант шаарынын 15 жаштагы тургуну Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна 2-3-даражадагы күйүк менен келип түшкөн. Денесинин 35 пайызы жабыркап, анын ичинен 30 пайызы катуу күйгөн.

Буга чейин Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарында компьютер жарылып, өспүрүм ооруканага түшкөндүгү маалымдалган.

Кийинчерээк Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы расмий маалымат таратты.

Түзүмдүн билдирүүсү боюнча, 19-декабрда Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө турак үйдөн өрт чыгып, анын кесепетинен жабыркаган өспүрүм тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө тобу барып, 2004-жылы төрөлгөн Г.С. аттуу бала жаракат алганы аныкталып, аймактык ооруканага жеткирилген. Ал бүгүн, 20-декабрда алган күйүк жаракатынан улам ооруканада көз жумду. Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Сотко чейинки өндүрүш иштин алкагында милиция кызматкерлери тарабынан өспүрүмдүн ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгени такталды. Ал апасы, чон энеси жана 2 өспүрүм сиңдиси менен жашачу. Ошондой эле өрт чыккан учурда баланын апасы үйүндө болгон. Болжолдуу маалыматтарга караганда, өрт чыңалуудан улам келип чыккан. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды.

«2019-жылы Кант шаарындагы компьютердик клубдарда бир дагы компьютер техникаларынын жарылышы катталган эмес. Компьютер жарылгандан улам өспүрүм бала каза болду деген маалымат чындыкка дал келбейт», - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×