Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Талас облусуТалас району 15.01.2020 19:50

Айыл турмушу: Таластык Г.Дөөлөтбаковага кийим тиктиргени келгендердин аягы үзүлбөйт (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Ак-Жар айылынын 43 жаштагы тургуну Гүлзина Дөөлөтбакова чеберчилик менен алектенип, ага кийим токуткандардын аягы үзүлбөйт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районунун Манас айылында төрөлгөн. Кесиби тигүүчү.

«Турмушка чыкканда иштеп, аз болсо дагы тыйын табайын дедим. Бирок колумдан тигүү жана токуу келгендиктен, ишти кандай кылып баштасам деп ойлондум. Кийимдерди тиктим. Аны эл көрүп жактырып, буйрутмалар келе баштады. Алгачкы ишимди кол машине менен баштагам. Азыркы кезде машинени шаймандары менен сатып алып, жумушум эки эсе ылдам болуп калды. Балдарыма кийимди сатып албайм. Баарын тигип берем (күлүп). Жаңы жылдык костюмдарды тиктирип алып кетишет. Акыркы 5-6 жылдан бери эл токулган кийимдерди баалап, жакшы кийип калышты. Аны дагы тигүү ишим менен бирге алып келе жатам. Себеби токулган кийим кооз жана ыңгайлуу деп жаштардан тарта карыларга чейин сатып алышат. Байпактан тарта кардиганга чейин токуйм. Үйгө келип буйрутма беришет. Бизде бала көрдү бар эмеспи, ошого синтетика кийимге караганда токулган кийим жылуу жана ишенимдүү деп токутуп алып барышат. Жиптерин борбордон сатып алам. Анткени алар сапаттуу болушу керек.

Чермий (чыптама), жемперлер 600-700 сом, кардигандар 1200-1500 сомго сатылат. Кийим көлөмүнө жараша 1 күндөн 5 күнгө чейин токулат. Мага токуган абдан жагат, бирок тынымсыз токуп остеохондроз таптым. Бирок буйрутманын аягы үзүлбөй келип турганы, апалар батасын берип турганы баарын унуттурат», - деди ал.

Гүлзина айым 4 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×