Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Чүй облусу, Токмок 16.12.2019 17:25 На русском

Балдарым менен «жалгыз калганыма» эч кимди күнөөлөбөйм, - М.Бейшекеева

Мээрим Бейшекеева с детьми
Мээрим Бейшекеева с детьми
// Турмуш

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарынын тургуну, жалгыз бой эне Мээрим Бейшекеева артта калган кыйынчылыктары, жетишкен ийгиликтери тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.

Ал Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 1990-жылы төрөлгөн.

«Ата-энем азыркы убакытта Россияда иштешет. Өзүм 3 бир туугандын улуусумун. Бир кыз, бир уулум бар. Кызым Айсанат 10 жашта, ал эми уулум Сулайман 4 жашта.

Өзүм болсо Бишкек шаарындагы мектепте билим алып, кийин Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин экономика факультетин артыкчылык диплом менен аяктагам», - деди ал.

Мээрим айым жалгыз бой эне канткенде оор турмушту жеӊип кетерин айтты.

«Чынында жалгыз бой энелер үчүн жашоо кыйын эле. Кудайымдын берген сыноолору болсо керек деп коем. Кудай деле пендесин курчутуш үчүн ага көтөрө алган сыноону берет экен. Убагында оор, бирок ошол кыйынчылыктарды жеӊип кетсең, кийин унутулуп калат. Мен артта калган оор күндөрүмө эч кимди күнөөлөбөйм жана эч кимге капаланбайм. "Сабырдын түбү сары алтын" деп бекер айтылбайт экен. Мен сабырдуулук менен жеӊдим.

Жолдошу таштап же дагы бир себептен улам жалгыз калса, аялга андан өткөн азап жок. Бирок, аял киши алгач кыйналып, акыры жеӊип чыгат. Анын баары балдары үчүн болот. Айрыкча жалгыз бой энелердин ата-энеси бар болсо, кыйла жеӊилдик болот экен. Ата-эне кызынын түйшүгүн чогуу тартышат.

Азыр мен Токмок шаарында жашайм. Өзүмдүн ишмердүүлүгүмдү жүргүзүп, күнү-түнү тыным албай эмгектенип жаткан учурум. Адам башынан кыйынчылыктарды өткөрсө, ал башкаларды жакшы түшүнөт. Ошол себептен кайрымдуулук иштер менен да алектенип жатам. Жалгыз бой энелерге, үйү жок адамдарга жана башка муктаж үй-бүлөлөргө жардам берип келем. Жакшы иштердин үстүндө жүрсөӊ, жашоодогу кыйынчылыктарды жеӊет экенсиӊ», - деди ал.

Жалгыз бой эненин кызы Айсанат менталдык арифметика боюнча Дубайдагы дүйнөлүк олимпиадага жолдомо алган. Толугу менен бул шилтеме аркылуу окуйсуз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×