Бөлүмдөр
Ишемби, 25-январь
Ош облусуНоокат району 10.12.2019 11:52 На русском

Ноокатта мигранттар төрт балалуу жалгыз бой келинге үй куруп беришти. Сүрөт

Turmush -  Ноокат районунун Зулпуев айыл өкмөтүнө караштуу Кашкалдак айылында төрт балалуу жалгыз бой келинге Россияда иштеп жаткан айылдаштары жана башка демөөрчүлөр 4 бөлмөлүү үй куруп беришти. Бул тууралуу демилгелүү топтун мүчөсү Мырза Досматов билдирди.

Анын айтымында, келинди 8-декабрь күнү жаңы үйгө киргизишкен.

«Биз үй куруп берген келин жолдошу менен ажырашып, ата-энесинин үйүнө келген. Бирок ата-энеси жаш кезинде каза болуп калган. Келиндин эжелери турмушка чыгып кетишкен, эркек бир туугандары жок. Айылдаштарынын айтымында, келин жашап жаткан үй авариялык абалда. Дубалы урап түшүп, аны кездеме менен тосуп коюшуптур. Россияда иштеп жүргөн Кашкалдак айылынын жашоочулары фонд түзгөнбүз. Май айында демилге көтөрүлүп, үй курууга жалпы 600 миң сом сарпталды. Россиядагы айылдаштар 450 миң рубль которгонбуз. Үйдүн пайдубалын 1981-жылы туулган жигиттер тургузуп беришкен, кирпичин 1988-жылы туулгандар тизишип, чатырын дагы топ жигиттер жаап беришкен. Жардам бергендердин арасында 100 сомдон баштап 100 миң сомго чейин бергендер болду», - деди Мырза Досматов.

Курулган турак үйдө от жагуучу меш орнотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×