Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 03.12.2019 17:52

Ысык-Атада бирөөнүн малына мыйзамсыз ээлик кылып, 780 миң сом зыян келтирген чабан кармалды

Иллюстративное фото
Иллюстративное фото
// Пресс-служба ГУВД Чуйской области

Turmush -  Ысык-Ата районунда чабан башка бирөөнүн малын мыйзамсыз менчиктеп алууга шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ысык-Ата районунун 2 тургуну милицияга А.А. аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранып арыз менен кайрылышкан. Алар А.А. 2 чарбада чабан болуп иштеп жүрүп, мыйзамсыз түрдө бирөөнүн малына ээлик кылып алганын билдиришкен. Аталган факт Ысык-Ата РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 205-беренесинин негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жыйынтыгында Ысык-Ата РИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан 34 жаштагы А.А. кармалды. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында шектүү 2016-2018-жылдары 2 мал чарбада иштеп жүрүп, 121 майда жана 18 ири мүйүздүү малга мыйзамсыз ээлик кылып алганы аныкталган. Келтирилген материалдык чыгым 780 000 сомду түзгөн.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×