Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Чүй облусуМосква району 03.12.2019 16:00

Москва районундагы майып балдар мекемеси белекке кеме алды

Turmush -  Бүгүн, 3-декабрда Чүй облусундагы Москва районунун Беловодск айылындагы балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде Майыптарды коргоо күнү белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мекеменин директору Светлана Такырбашова билдирди.

Иш-чарага Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 47-мекемесинин, Транспорт жана жолдор министрлигинин, Мамлекеттик экотехинспекциянын, райадминистрациянын, райондук оорукананын, прокуратуранын, айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлери катышты. Салтанатта райондун прокурору Кубанычбек Нуруллаев майып балдарга Башкы прокуратуранын атынан кеменин макетин белекке тапшырды.

«Бүгүн биздин мекемеде Майыптарды коргоо күнү белгиленди. Ага Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 47-мекемесинин тарбия иштери боюнча орун басары, полковник Талантбек Курманкалиев, улук психолог, ички кызматтын майору Наргиза Шаршеева, социалдык иштер боюнча улук тескөөчү, ички кызматтын капитаны Айзада Кудайбергенова келип, майып балдардын жашоосу менен таанышты. Алар балдарга өз белектерин беришти. Ал эми Транспорт министрлигинин, Мамлекеттик экотехинспекциясынын өкүлдөрү да суусундуктарды, балдар үчүн керектүү буюмдарды тапшырышты.

Райадминистрациянын башчысынын орун басары Жоомарт Нарботоев балдар үчүн бардык аракеттер жумшала турганына токтолду. Иш-чарада балдар катышуучуларга өз өнөрлөрүн тартуулашты», - деди мекеменин директору Светлана Такырбашова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×