Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Чүй облусуСокулук району 03.12.2019 13:40 На русском

«Тагдыр»: Александр таежесинин каза болгонун уккандан кийин көрбөй калган

Александр Аметов
Александр Аметов

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Ак-Жол айылынын 33 жаштагы тургуну Александр Аметов таежеси каза болгондон кийин стресске кабылган. Андан кийин көзү көрбөй калган. Андан аймактык кабарчы кабар алды.

«Өзүм бала кезден 2-топтогу майып элем. Ушул жылдын апрель айында таежем жүрөк оорудан каза болуп калды. Ошондо катуу кайгырдым. Ошондон көп өтпөй, 10-майда көзүм көрбөй калды. Дароо ооруканага барып, текшерүүдөн өттүм. Ал жактан Новосибирск шаарындагы клиникага бар деп айтышты. Операцияга 400 миӊ рубль керек болуп жатат. Менде азыр андай каражат жок.

Көзүм көрбөй калгандан кийин 1-топтогу майып болуп калдым. Сокулук районуна караштуу Ак-Жол айылында батирде жашайбыз. Буга чейин соода тармагында иштеп келгем. Азыр ден соолуктун айынан иштебей калдым», - деди ал.

Александр Аметов Бишкек шаарында 1986-жылы төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, 2 уул, 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×