Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 03.12.2019 20:00

Ысык-Атадагы тургундар туура тамактануунун эрежесин үйрөнүштү

Turmush -  Ысык-Ата районунда жугуштуу эмес оорулардын пайда болуу коркунучун алдын алуу боюнча калкка маалымат жеткирүү иштери уланууда. Бул тууралуу Ысык-Ата райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун ден соолукту чыӊдоо комитетинен билдиришти.

«Зыяндуу тамак-аш, физикалык активдүүлүктүн азайышы, спирт ичимдиктерин жана чылым колдонуу кандай зыян экени, андан жүрөк-кан тамыр оорулары, кант диабети, рак, дем алуу органдарынын оорулары келип чыгарын айтып жатабыз. Негизи Ысык-Ата району боюнча окуулар болуп жатат. Биздин райондо 41 айылдык ден соолукту чыӊдоо комитети бар. Учурда миңден ашык жергиликтүү тургундар маалымат алышты», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×