Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Чүй облусуАламүдүн району 03.12.2019 12:58

Аламүдүндүк окуучулар кайрымдуулук акциясын уюштурушту

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Октябрь орто мектебинин окуучулары «Жүрөктөн жүрөккө аттуу» акция уюштуруп, Сокулук районунун Маловодное айылындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын реабилитациялык борборуна жардам беришти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Окуучулар акцияда чогулган самын, айна, памперс, азык-түлүк жана бут кийимдерди аталган борборго алып барып беришкен.

Аталган борбордо 86 бала бар. Анын ичинен 37 бала кыз, 49 наристе уул балдар. 27 бала памперс колдонот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×