Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Чүй облусуАламүдүн району 03.12.2019 11:55 Жаңыланды: 03.12.2019 15:25

Майыптык ийгиликке жолтоо эмес. Тагдырдын сыноосуна сынбаган инсандардын баяндары

Turmush -  Бүгүн, 3-декабрь — Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коргоонун эл аралык күнү. Turmush басылмасы тагдырдын сыноосуна сынбай, замандаштарына үлгү болгон инсандардын эркин, жетишкендиктерин, кайратын чагылдырып келет. Алардын арасында коомдук иштерге активдүү катышып, бизнес түптөп, кол өнөрчүлүк жана чыгармачылык менен алектенип, ийгиликтерге жетишип жаткандар бар.

Тагдыр: Майыптыгына карабай, өз кесибин аркалаган Айганыш сүйүктүүсүн тапты (сүрөт)

Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын 26 жаштагы тургуну Айганыш Иминжанова майыптыгына карабай, сүйүктүү кесибин аркалап келет. Өзүнүн айтымында, ал Кара-Балта шаарындагы №2 орто мектепти бүткөн. Андан соң медициналык колледжди фармацевтика кесиби боюнча аяктаган. Учурда фармацевт болуп эмгектенүүдө.

«Апамдын айтуусу боюнча 6 айымда полиомиелит оорусуна каршы эмдөөдөн өткөрүлүп, ошондо көп өлчөмдө жана муздак кылып сайып коюшкандан улам ооруга чалдыгыптырмын. Ошондон бери шал оорусу менен күрөшүп келем. Апам дарыгерлердин шалаакылыгынан улам ушул ооруга кабылганымды айтат. Кийин 10 жашымда операция болуп, оору эмдөөдөн кийин болгондугу далилденген. Бирок сот бул ишти карабай койгон.

Кийин чоңоюп калганда өз алдымча басып, окууга барганда абдан кыйналып жүрдүм. Бирок ата-энемдин жардамы жана кудайдын колдоосу менен бутума турдум. Кыйын учурлар артта калды. Алдыга койгон максаттарымды ишке ашырып келе жатам. Учурда жакшы көргөн кесибим менен иштейм. Бул жумушка орношуу үчүн дагы күрөшүүгө туура келди. Анткени мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп көбү жумушка албай коюшат. Бирок кудай менин тилегенимди берип, азыр өз кесибим менен иштеп жатам», - дейт ал.

Толугу менен

«Келбеттүү тамада керек дегендер кечирим сурап...»: Көзү азиз ырчынын баяны

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 20 жаштагы тургуну Нуртилек Баймырзаев көзүнөн тубаса майып болгонуна карабай ырчылык өнөрдү аркалап келет. Өзүнүн айтымында, ал 2-топтогу майып. Төрт миң сомдук жөлөк пулду карап отурбастан, айылдагы тойлордо алып баруучу болуп кызмат көрсөтөт.

«6 жашымда ата-энем Бишкектеги көзү азиздердин мектеп-интернатына алып барды. Үйдө эрке болгондуктан жаңы барганда ата-энемди, үйдү сагынып, 1 жылдай окуй алган жокмун. Бирок мени кайра алып кетишпей турганын билип, 7 жашымдан тарта билим ала баштадым. Ошентип интернатта 9-класска чейин окудум. Аны аяктагандан кийин Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык окуу жайында музыка мугалими адистиги боюнча билим алдым. Окуумду бүткөн соң айылга келип иштеп жатам», - дейт Нуртилек.

Толугу менен

Буту баспаса да унаа айдап, кол күрөш боюнча дүйнө биринчилигине катышкан Нуртилектин ийгиликтери. Видео

Ноокат районуна караштуу Ак-Терек айылынын 23 жаштагы тургуну Нуртилек Касым уулу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай, спорт менен машыгып, сахнага чыгып ырдайт. Өзүнүн айтымында, көөдөндөгү таланты, үмүтү көздөгөн максатынан баш тарттырткан эмес. Ал төрөлгөндөн тартып майыптык арабада отуруп калса дагы учурда унаа айдайт, кол күрөш боюнча мелдештерге катышып келет. Ошондой эле дүйнө чемпионатына катышып, 4-орунду багындырган.

«Мен жаш кезимден эле спортко кызыгам. Ушул жылдын февраль айында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын арасында өткөн облустук кол күрөш боюнча турнирде 1-орунду алып, республикалык чемпионатка жолдомо алгам. Ал жактан дагы 1-орунду ээлеп, Азия биринчилигинде да алдыңкы орунду алып, дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алгам. Ушул жылдын 26-октябрында Румынияда өткөн биринчиликке барып, 54 мамлекеттин спортчулары катышкан чемпионатта 4-орунду алдым. Бул мен үчүн чоң жетишкендик болду, кийинки биринчиликте 1-орунду алганга аракет кылам», - деди Нуртилек.

Толугу менен

«Оодарылып кеткен унаада калып, бутумдан ажырадым»: Ооруну иш менен жеңген Айгүлдүн тагдыры (сүрөт)

Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Тоо айылынын тургуну Айгүл Миталипова мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын кызыкчылыгын колдоо максатында фонд түптөп, өзү сыяктуу адамдарга жардам берип келет. Өзүнүн айтымында, ал студент кезинде жол кырсыкка кабылып, ден соолугунан катуу жабыркаган.

«1999-жылы ОшМУнун медициналык факультетинде дарылоо бөлүмүндө бюджеттик негизде билим алып жаткам. 2000-жылы август айында каникул учурунда талаа иштерине жардам берүү үчүн айылга бардым. Ошондо жүк ташуучу унаа менен жол кырсыкка кабылдым. Катуу ылдамдыкта бара жаткан унаанын тормозу иштебей калып, айылдын башындагы каналга урунуп, унаанын дөңгөлөктөрү асманды карап калган. Мен тормоз, газ жайгашкан боштукка кирип кетип тирүү калгам. Жанымда айдоочудан тышкары бир тууган байкем жана таякемдин баласы бар болчу. Алар жабыркаган жок, мен бел омурткамдан жаракат алып, ооруканага түштүм.

Катуу жаракат алгандыктан операция болуп, 4 ай кыймылсыз төшөктө жаттым. Андан кийин акырындык менен отуруп, балдак менен басып баштадым. Бирок 2008-жылга чейин оң бутумдун согончогундагы жаракаттын айынан катуу ооруп жүрдүм. Ошол жылы травматолог дарыгерлер оң бутумду кесип салышты. 2009-жылы протез (жасалма бут) жасатып, аны кийгенден кийин бир таяк менен басууну үйрөндүм. Ооруканада көп дарылангандан кийин бутума туруп, азыр бирөөнүн жардамысыз басып жүрөм», - дейт ал.

Толугу менен

«Соцтармактан жактырып калдым деген кыздар жолукканда качып кетишчү»: Спортчу Камбардын баяны. Сүрөт

Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Саргата айылынын 24 жаштагы тургуну Шайымкул уулу Камбар тубаса майып болуп төрөлгөн. Ал бутунан аксап басканына карабай, 3 жылдан бери спортто ийгиликтерди жаратып келүүдө. Өзүнүн айтымында, ал төрөлгөндө эле ушундай болчу. Бирок эч жери оорубайт.

«Окуучулук кезде спортко кызыгып, балдар менен күрөшүп жүрчүмүн. Бирок мындай чоң спортко аралашып калам деген оюм жок болчу. Бир жолу Бишкек шаарынан бир агайга жолугуп калдым. Ал менин кол күрөшкө келишиме түрткү болду. Кол күрөш менен машыгып, мелдештерге катышып жатканыма 3 жыл болду.

Кол күрөш менен машыгып баштаган 2016-жылы Бишкек шаарында өткөн мелдеште 1-орунду алгам. Ушул эле жылы республикалык мелдештен 1-орунду ээлеп, Азия оюнуна чакыруу алдым. Бирок бир себептерден улам бара албай калдым. Кийинки жылы оң жана сол кол менен тең республикалык мелдеште 1-орунду алып, ушул жылы Чолпон-Ата шаарында өткөн Азия мелдешинде күмүш медалга ээ болдум. Мелдеш майып жарандар арасында өттү», - деди ал.

Толугу менен

Дөңгөлөк желимдөөчү, диспетчер, программист болуп иштедим: Аманат майыптыгына карабай үй-бүлөсүнө арка-жөлөк болууда. Сүрөт

Каракол шаарынын тургуну Аманат Байчубеков тубаса майыптыгына карабай компьютер иштерин өздөштүрүп, программист болуп иштеп жатат. Өзүнүн айтымында, бала кезинен эле шал оорусунан жабыркайт.

«Мен 18 жашка чыккандан кийин өз жанымды багышым керек да. Ата-энем мага багыт берип, ар дайым колдоп келишти. Аларга жардамым болсун деп окуунун акысын төлөө үчүн дөңгөлөк желимдөөчү болуп иштедим. Бул менин алгачкы ишмердүүлүгүм эле. Андан соң суткалап таксиде диспетчер болуп иштеп калдым. Кийин адистигим боюнча программисттер менен таанышып, ишти үйрөнүп баштадым. 3 жыл бекер иштеп, бардык программалар менен иштөөнү үйрөндүм.

Кийин интернет клуб ачсамбы деп ойлондум. Бирок ал жакта өспүрүмдөрдүн психологиясы бузулат. Ошол себептүү аны каалабайм. Бул жерде компьютер аркылуу элге кызмат көрсөтөм. Базардын жанында болгондуктан эл көчүрмө кылууга көп келишет. Визиттик карта, слайд-шоу, видеолорду монтаж кылып берем. Кардарларым бир жолу келген соң кайра келе беришет. Акча табууну эле эмес, эл менен мамиле түзүүнү да билүү керек», - деди Аманат мырза.

Толугу менен

Тагдыр: Таластык Нестан сүйүктүү ырчысы Ф.Киркоровду кучактаган күнүн унутпайт (сүрөт)

Талас облусунун Бакай-Ата районунун тургуну Нестан Дейдиева ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай, алдыга койгон максаттарын ишке ашырып келет. Өзүнүн айтымында, ал БГУнун социалдык психология факультетин бүтүргөн. Кесиби боюнча социалдык жумушчу. Магистратураны 2015-жылы аяктаган.

«Апамдын айтуусу боюнча мен жаңы төрөлгөндө медайым колунан түшүрүп алган экен. Ошондон кийин мага төрөттөн кийинки жаракат, андан кийин шал оорусу деген диагноз коюшуптур. Кичинекей кезимден бери дарыланам, 2 жолу операция болгом. Бул оорулардан улам көптөгөн кыйынчылыктар башымдан өттү. Алгач мектепте, андан кийин ЖОЖдо билим алуу кыйынга турду. Ошентсе дагы тырышып окуп жүрүп аяктадым. Балдак менен жүрсөм дагы өзүмдү мүмкүнчүлүгү чектелген деп эсептебейм. Досторум, курбуларым менен аралашып, алар менен бирге ар кандай иш-чараларга катышам. Өзүмдү оптимист катары санайм», - дейт ал.

Толугу менен

Тагдыр: Ала-букалык Турдукан баспаганына карабай, кирешелүү бизнес түптөдү

Ала-Бука районунун тургуну Турдукан Майрамбекова ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай чакан тигүүчү цех иштетип, айылдагы кыз-келиндерди жумуш менен камсыз кылды. Өзүнүн айтымында, ал 13 жашында оорудан улам баспай калган.

«Мектепте 7-класста окуп жүргөндө жазында сасык тумоо менен ооруп калдым. Май айы болгондуктан майрамдарга байланыштуу ооруканалар иштебей, айылдагы дарыгер эженин үйүнө барып, ийне сайдырып жүрдүм. Ошентип үчүнчү күнү ийне сайдырып, үйгө келе жатканда бутум уктап калгандай сезилди. Ага маани бербей, ийне сайдыргандан кийин жылуу жатыш керек деп, 2 сааттай уктадым. Уйкудан ойгонсом эле бутум менен колум кыймылдабай калыптыр. Ошол күн такыр эсимден кетпейт. Ошентип атам мени доктур, табыптырга көрсөтүп жүрүп, бир жыл өткөңдөн кийин колум жанданды. Бирок баса албай калдым», - дейт ал.

Толугу менен

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×