Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Чүй облусуКемин району 03.12.2019 10:02

Кеминдин Шабдан айылындагы бала бакчада оңдоо иштери жүрдү

Turmush -  Кечээ, 2-декабрда Кемин районуна караштуу Чоӊ-Кемин айыл өкмөтүнүн Шабдан айылындагы бала бакча демөөрчүлөр тарабынан жаңы эмеректер, сыналгы, муздаткыч, кир жуучу машина менен камсыздалды. Ошондой эле полу, чатыры алмашылып, жылуулук системасы ишке кирди. Бул тууралуу Кемин райондук мамлекеттик администрациядан билдиришти.

«Бул бала бакча жылытуу системасы жок болгондуктан сезон менен иштеп келген. Бүгүнкү күндө Чүй облустук өнүктүрүү фондунан 3 млн сом, Кемин райондук өнүктүрүү фондунан 2 млн сом бөлүнүп, имараттын чатыры, полу алмашып, жылытуу системасы киргизилди. Эми бала бакча жыл бою иштеп, жаш жеткинчектерге толук кандуу тарбия, билим бере алат.

Ошондой эле Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында Кемин районунда социалдык объектилерди оңдоп-түзөөдөн өткөрүү, аларды керектүү жабдык, эмеректер менен камсыздоо үчүн демөөрчүлөр менен иштөө боюнча бир топ иш-аракеттер көрүлдү. Ноябрь айында Чоң-Кемин айыл өкмөтүнө караштуу Тар-Суу айылындагы Тар-Суу орто мектеби Кемин өнүктүрүү фонду аркылуу 6 млн сомго толук капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, айылдын кулуну, демөөрчүбүз тарабынан 500 миң сомго эмерек, компьютерлер менен жабдылды», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×