Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 03.12.2019 09:54

Чүйдүн Ивановка айылындагы бала бакчада өрт чыгып, балдар эвакуацияланды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ысык-Ата районунун Ивановка айылындагы бала бакчада өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык айылдын Пролетарский көчөсүндө жайгашкан «Малыш» бала бакчасында болгон. Анын кесепетинен имараттын 1 чарчы метр жыгач шыбы күйгөн. Бала бакчадан 100 бала жана 18 тарбиячы коопсуз жайга эвакуацияланган.

Ал эми аталган бала бакчанын кызматкерлери билдиргендей, балдар бала бакчанын чатырынан кара түтүн чыкканда эле ээвакуацияланган.
«Эми өрт чыкты деп деле айтканга болбойт. Себебби чатырдан кара түтүн чыкты. Эч ким жабыркаган жок. Өрт өчүрүүчүлөр келип, кара түтүндүн өрткө айланып кетүүсүнөн сактап, өз убагында өчүрүп калышты» - деди алар.

Буга чейин, ушул эле жылдын башында аталган бала бакчанын чатырын шамал учуруп кеткен.

Ысык-Ата районунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы үйдүн 200 чарчы метр чатыры күйдү.

Сокулук районунун Гавриловка айылында жалпы аянты 120 чарчы метр болгон үй толугу менен өрттөнүп кетти.

Панфилов районунун Кайыңды шаарындагы бастырманын 10 чарчы метр чатыры жана 60 түк саман күйүп кетти. Учурда бул кырсыктардын себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×