Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Чүй облусуПанфилов району 03.12.2019 08:34

Чүйдүн Вознесеновка айылында «Жаштар СПИДге каршы» аттуу акция өттү

Turmush -  Панфилов районунун Вознесеновка айылында «Жаштар СПИДге каршы» аттуу акция өттү. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.

Маалыматка караганда, акцияга акимчиликтин, райондук билим берүү бөлүмүнүн, дарыгерлер борборунун кызматкерлери, мугалимдер жана окуучулар катышты.

«1-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү. Бул күн 1988-жылы БУУ тарабынан кабыл алынган. Ал районубузда жыл сайын ар кандай иш-чаралар менен белгиленип келет. ВИЧ/СПИД – жугуштуу жана коркунучтуу оору. Аны алдын алуу максатында окуу мекемелеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет. СПИД дартына чалдыккан адамдын сакаюусу кыйын. Ошондуктан дайыма гигиенаны сактоо, жүрүм-турум маданиятын жакшыртуу зарыл. Ички жана сырткы миграция процесси байма-бай жүрүп турган заманда өтө сактык жана этияттык зарыл. Таза эмес медициналык куралдарды дарыгерлердин уруксатысыз колдонууда, кан куюуда, бирөөнүн сакал алгычын колдонууда, татуировка жасоодо, баш аламан жыныстык катнашта болууда айыкпас дартка чалдыгуу коркунучу бар», - деп айтылат маалыматта.

Иш-чаранын жүрүшүндө тасмалар көрсөтүлүп, мектеп окуучулары өздөрүнүнүн чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн тааныштырышты. Акциянын соңунда жакшы даярдыктар менен келген мектептерге мактоо баракчалары тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×