Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Чүй облусуСокулук району 02.12.2019 21:00

Майыптар күнү: Сокулукта жылкы союлуп, 300 адамга сый тамак уюштурулду

Turmush -  Сокулук районунда 3-декабрь — Майыптарды коргоо күнүнө карата сый тамак уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ага ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 300 адам катышты. Аларга Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Асылбек Сатвалдиев ден соолук каалады.

«Сокулук районунун мамлекеттик администрациясы жана демөөрчүлөр тарабынан бир жылкы союлуп, сый тамак уюштурулду. 300 адамга белектер, азык-түлүктөр таратылды», - деди ал.

Иш-чаранын жүрүшүндө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын кол эмгектери көрсөтүлүп, концерттик программа тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×