Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Чүй облусу, Токмок 01.12.2019 12:15

Токмокто борбордук китепкананын кызматкерлери сыйланды

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарындагы борбордук китепканада «Өрнөктүү карыялар болсо, өнөрлүү жаштар да болот» аталыштагы чоң иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага китепкана кызматкерлери, улуу муундагы окурмандар жана мектеп окуучулары күбө болушту. Кеченин башталышында борборлоштурулган китепкананын мүдүрү Насира Жаныбаева байыркы элдин катарына кирген кыргыз элинин гүлдөп-өсүп, ушул заманга жетип отурганына ата-бабалардын зор салымы бар экендигин айтып өттү. Андан соң сөз кезеги маданият бөлүмүнүн башкы адиси Зарина Чымыровага берилип, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин атынан китепкананын №1 филиалынын жетекчиси Людмила Беспаловага республиканын маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ардак грамота тапшырды. Мындан сырткары мэриянын ардак грамоталары менен борбордук китепкананын методикалык бөлүмүнүн жетекчиси Назира Элебесова, №5 филиалдын жетекчиси Токтобүбү Жапарова, тейлөө бөлүмүнүн китепканачысы Айнагүл Адамбаевалар сыйланышты. Куттуктоолордон соң №5 орто мектептин окуучулары тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

Буга чейин Томокто жыл башынан бери советтик аскер ишмери И.В.Панфиловдун 125 жылдыгы, опера жана балет театрынын бийчиси Ч.Базарбаевдин 80 жылдыгы, манасчы С.Каралаевдин 125 жылдыгы, акын Б.Алыкуловдун 135 жылдыгы, учкуч-космонавт Ю.Гагариндин 85 жылдыгы, акын Арстанбек Буйлаш уулунун 195 жылдыгы, актриса Т.Турсунбаеванын 70 жылдыгы, кыргыз прозаиги З.Сооронбаеванын 95 жылдыгы, композитор К.Молдобасановдун 85 жылдыгы, саясий жана коомдук ишмерлер А.Орозбековдун 130 жылдыгы жана Кыргызстан БКнын 1-катчысы Т.Усубалиевдин 100 жылдыгы белгиленген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×