Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Чүй облусу, Токмок 01.12.2019 11:20

Оор атлетчи А.Куйкеев Грециядагы чемпионатта алтын тагынды

Turmush -  Токмок шаарындагы балдардын спорт мектебинин оор атлетика боюнча машыктыруучусу Азизбек Куйкеев Грецияда ардагерлер арасында өткөн чемпионатта баш байгени жеңип алды.

Ал Кыргызстандын атынан өзү жалгыз катышкан. Токмок шаардык мэриясынын маалыматына караганда, аталган мелдешке 37 мамлекеттен 500гө чукул спортчу катышты.

«Азизбек Куйкеевдин салмагы 81 кг. Ал 55-60 жаштагылар арасында 195 кг салмакты көтөрүп чемпион аталды. Ал буга чейин 2013-жылы Малайзияда өткөн мелдеште алтын медаль тагынып келген. Азиянын чемпиону да болгон. 2014-жылы Азербайжанда өткөн дүйнө чемпионатына катышып, күмүш алып келген. 2016-жылы Япониянын Токио шаарында өткөн чемпионатта күмүш, 2017-жылы Россияда өткөн турнирде коло медаль менен келген. Ушундай ийгиликтеринин арты менен эл аралык класстагы калыс наамына ээ болгон», - деп айтылат маалыматта.

Азизбек Куйкеев 1963-жылы Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×