Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Чүй облусуМосква району 30.11.2019 15:30

Москва районундагы майып балдар мекемесине медициналык аппарат тапшырылды

Turmush -  Чүй облусундагы Москва районунун Беловодск айылындагы балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине наркы 12 700 доллар турган физиотерапевдик медициналык аппарат тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган аппарат Япониянын Кыргызстандагы элчиси Сигэки Маэда тарабынан тапшырылды. Иш-чарага эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров, раймамадминистрациянын башчысынын орун басары Ж.Нарботоев жана башкалар катышты.

«Мекемебиз дагы бир маанилүү медициналык аппарат менен толукталды. Бул ири суммадагы физиотерапевдик медициналык аппарат биздин майып балдар үчүн өтө керектүү медициналык техникалык каражат. Мындай медициналык аппарат менен физиотерапевдик жана реабилитациялык жумуштар жүргүзүлөт. Тактап айтканда, шал балдардын кыймыл-аракет жөндөмдүүлүгү калыбына келтирилет.

Реабилитация — медицинада оорунун, майыптыктын натыйжасында дене жана психикалык жактан начарлагандардын ден соолугун, эмгекке жарамдуулугун калыбына келтирүүгө багытталган медициналык-психологиялык, эмгектик, кесиптик, социалдык чаралар комплекси. Аны натыйжалуу колдоно билүүбүз зарыл.

Тапшыруу аземинде эмгек жана социалдык өнүгүү министри У.Кочкоров эмгек жамаатыбызга ийгилик каалады. Жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер, мекеменин материалдык-техникалык базасы менен таанышты. Майып балдар үчүн түзүлгөн ыңгайлуу, жагымдуу шарттарды көрүп, ишмердүүлүгүбүздү канаттануу менен кабыл алды. Япониянын элчисине ыраазычылык билдирди. Ал эми раймамадминистрациянын башчысынын орун басары Ж.Нарботоев мекемеге ар тараптан жардам көрсөтүлөрүн белгиледи. Биз бул медициналык аппаратты 3-декабрь — Майыптардын эл аралык күнүнө карата белек катары кабыл алдык», - деди мекеменин директору Светлана Такырбашова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×