Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Чүй облусуЖайыл району 30.11.2019 11:03 На русском

Чычканда май ташуучу унаа оодарылып кетти. Видео

Turmush -  Кечээ, 29-ноябрда Бишкек—Ош унаа жолунда май ташуучу унаа оодарылып кеткендигин окуянын күбөлөрү билдиришти.

Алардын айтымында, кырсык Чычкан капчыгайынын кире беришинде (Суусамыр өрөөнүнөн бара жатканда) болгон. Анын кесепетинен жолдон чоң унаалар өтө албай, унаа тыгын жаралган.

«Окуя болгон жерде ЖКККБнын кызматкерлери иштеп жатышкан. Жеңил унаалар өтүп жатты. Кырсыктан адамдардын жабыр тарткандыгы же жабыр тартпагандыгы белгисиз», - дешти күбөлөр.

Видео саат 16:50 чамасында тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×