Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Чүй облусу, Кара-Балта 29.11.2019 16:52

Кашкулактар менен иттердин кармашы жана мергенчиликтеги азарт

Turmush -  Кашкулактар — суусарлар тукумундагы сүт эмүүчүлөр. Денесинин узундугу 6090 см, куйругу 12-24 см болот. Жону, капталы боз, боору каралжын. Башынын эки жагында тумшугунан кулактарын көздөй кара жолчолор кетет. Буттары кыска, манжалары узунураак, тырмагы чоң, ийилип турат. Евразия токойлорунда, жарым чөлдө кездешет. Кыргызстанда да бар.

Алар ийинде жашап, суук аймактарда кышкысын чээнге кирет. Бирден алтыга чейин төлдөп, майда кемирүүчүлөр, бака, кескелдирик, омурткасыздар, өсүмдүк тамыр-сабагы, мөмө, жаңгак, козу карын жана башкалар менен ылгабай азыктанат. Майы дары катары керектелет.

Кара-Балта шаарынын тургуну Андрей Миролаевдин айтымында, Кыргызстандагы мергенчилер кашкулактарга аңчылык кылуу үчүн иттер менен чыгышат.

«Азыркы учурда Кыргызстанда «ягдтерьер» иттери менен аңчылыкка чыгуу популярдуу болуп жатат. Мындай тукумдагы иттер менен мергенчиликке чыгуу өзүнчө эле азарт. Алар кашкулактын ийинине чейин барышат.

Кашкулактардын ийининин жайгашкан жерин болжолдуу билген мергенчилер ал жерге бир же эки ит менен барышат. Болжолдогон жерге жеткен аңчылар иттердин жүрүм-туруму жана кашкулактардын изи аркылуу сүт эмүүчүлөрдүн турган жерин билишет дагы «ягдтерьерлерди» ийинге кое беришет.

Кашкулак — иттердин коркунучтуу жана күчтүү атаандашы. Аны колго түшүргөн «ягдтерьер» иттеринин көбү кашкулак менен кармашып жатып кулагын, мурдун жана буттарын алдырып алышат. Ошондуктан мергенчи мүмкүн болушунча тез арада итке жардам бериши керек», - деди мергенчи.

Дагы бир мергенчи Владимир Нестеров кашкулактарга аңчылык кылуу үчүн «лайка» иттери менен чыккан кызыктуу экендигин айтат.

«Мергенчилер бир же эки «лайка» ити менен кашкулактын ийини жайгашкан жерге кечке жуук барышат. Ийинге 300 метр жетпей, тынчтыкты сактап, күүгүмдү күтүшөт. Андан кийин ийинге жакындап барып, иттин жүрүм-турумунан кашкулактын тамак издеп кеткенин билет дагы иттерди бошотот. Алар кашкулакты издеп башташканда мергенчи ийиндердин оозун жаап, иттердин үнүнө кулак салат. Кашкулактар өздөрүнүн ийиндеринен жарым чакырым алыс кетпейт. Ошондуктан аларды иттер тез эле таап, чабуул коюшат. Мергенчилер иттердин үнү чыккан жакка барып, кол чырак менен жарык берип, кашкулакты атышат. Ошол учурда абайлап атышы керек. Себеби итти атып алышы мүмкүн. Эгерде кашкулактарды кечинде таппаса, анда аларды таң атпай табууга мүмкүнчүлүк бар. Анткени алар бул учурда ийиндеринен алыстап дагы деле талаадан тамактанып жүрүшкөн болот», - деди ал.

Калинин район аралык мергенчилер жана балыкчылар коомунун улук мергенчиси Сергей Гаршиндин айтымында, кашкулактарга аңчылык кылууга 2019-жылдын 14-сентябрынан 15-декабрына чейин уруксат берилген. Сезон учурунда төрт кашкулакка чейин атууга уруксат бар.

Элдик медицинада кашкулактын майы өпкө ооруларын жана кургак учукту дарылоого колдонулуп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×