Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 29.11.2019 15:44 На русском

Ысык-Атада «Манас» эпосунун үзүндүсү дунган тилинде айтылды. Видео

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 4-декабрь — «Манас» эпосунун күнүнө карата «Улутум — кыргыз, урааным — Манас!» аталышындагы маданий иш-чара өттү. Ага маданият кызматкерлери, мектеп окуучулары катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Дүйнөдө теңдеши жок улуу эпос бул күнү башка улуттун өкүлдөрүнүн катышуусунда дагы жаңырды. Дунган улутундагы окуучулар «Манас» эпосунан үзүндүнү өз тилинде айтышып, иш-чаранын катышуучуларынын колдоосуна ээ болушту.

Кант шаарындагы №4 мектеп-гимназиясынын окуучуларынан түзүлгөн «Кыргыз руху» тобунун жигиттери хор менен эпостон үзүндү айтса, улуттук аспапта кол ойноткон улуу өнөрдүн ээлери иш-чараны көркүнө чыгарышты.

Катышуучуларга райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилигинин куттуктоо сөзү айтылып, окуучуларга райондук маданият бөлүмүнүн ыраазычылык баракчасы, райондук билим берүү бөлүмүнүн дипломдору тапшырылды.

Ошондой эле бул иш-чарада Манас баатырды даңазалаган ураандар жазылып, китеп көргөзмөлөрү уюштурулду.

Кыргызстанда уникалдуу «Манас» эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу максатында 2011-жылдын 28-июнунда «Манас» эпосу жөнүндө мыйзам кабыл алынып, 2015-жылдын 27-апрелинде 4-декабрь — «Манас» эпосунун күнү деп жарыяланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×