Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Чүй облусуЧүй району 29.11.2019 15:23

Маданият айылында 62 жыл мурун курулган маданият үйү оңдолду

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Он бир-Жылга айыл аймагындагы Маданият айылынын маданият үйү 1 млн 300 миӊ сомго капиталдык оңдоодон өттү. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Ильичбек Сыдыков билдирди.

«Маданият үйү жергиликтүү бюджет менен дем берүүчү грант аркылуу 1 млн 300 миӊ сомго капиталдык оңдоодон өттү. Ал 1957-жылы курулган. 1999-жылы айылдагы демөөрчүлөр болуп өзүбүз эле бир сыйра оңдогонбуз. Андан бери оңдоо иштери жүргөн эмес», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×