Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Чүй облусуЧүй району 29.11.2019 15:13

Спирт ичимдигин сатууга тыюу салынган Маданият айылында кандай өзгөрүү болду?

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Он бир-Жылга айыл аймагындагы Маданият айылында 2 жылдан бери спирт ичимдигин сатууга тыюу салынган. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургундары билдиришти.

Айыл өкмөттүн башчысы Ильичбек Сыдыковдун айтымында, спирт ичимдигин сатууга тыюу салынгандан бери айылда кылмыштуулуктун саны азайган.

«Айыл тургундарынын жана дин өкүлдөрүнүн демилгеси менен спирт ичимдигин сатууга тыюу салынган. Учурда айылдагы бир дагы дүкөндө спирт ичимдиги сатылбайт. Анын натыйжасында айыл ичинде тынчтык орноп калды. Уруш-талаш, мушташуу фактылары жокко эсе. Жаштар айылдагы спорт залга барып, дени сак жашоону тандап жатышат.

Айылда футбол аянтчасы, маданий клуб, мектеп, ФАП бар», - деди ал.

Аталган айылда 134 түтүн жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×