Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Чүй облусу, Токмок 29.11.2019 12:49

Мушкер Азат Үсөналиевдин ийгилиги

Turmush -  Мушкер Азат Үсөналиев Советтер союзунун баатыры В.И.Ливенцевдин жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык турнирде жеӊүүчү болду.

Ал 1991-жылы 11-сентябрда Токмок шаарында төрөлгөн. Мушкер агаларынын арты менен спортко келгендигин айтат.

«Үй-бүлөдө 3 бир туугандын эӊ кичүүсүмүн. Ата-энем Токмок шаарында жашайт. Өзүм жакын арада эле үйлөндүм. Билимим жогорку. Токмок шаарындагы №2 орто мектебин 2008-жылы аяктаган соӊ, Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин экономика факультетинде билим алып, аны 2013-жылы бүткөм», - деди ал.

Спортко келишиме бир тууган байкелерим түрткү болушкан. Алар дагы өз убагында бокс менен машыгышчу. Бирок өздөрү боксту таштап, мени алып келишти. Ошондо 11 жашта элем. Токмоктогу спорт залдан машыгуумду баштагам. Албетте, алгач көпчүлүк балдардай анча маани бербей, андан кийин алдыга чоӊ максаттарды коюп, профессионалдык деңгээлде машыга баштайсыӊ. Спорттун чыныгы жашоосун түшүнөт экенсиӊ. Эми олимпиадалык оюндарга катышууну көздөп жатам.

Бокстун арты менен 50дөн ашуун медалга ээ болдум, эл-жер көрдүм. Жетишкен ийгилик, алган сыйлыктарымдын эӊ негизгилерин айтып өтсөм: 2006-2007-жылдары өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын чемпиону болгом. Андан кийин жаштар арасында өткөн Кыргызстандын чемпионатында 2-орунду алып, 2008-жылы чоӊдор арасында 2-орунду багындыргам. 2009-жылдан тартып чоӊдор арасында 1-орунду ээлеп баштадым. Ошол эле 2009-жылы чоӊдор арасында өткөн Азия чемпионаты менен Дүйнө чемпионатына катышып, тилекке каршы ийгиликке жетишпей калгам. Тыным албай машыгып жүрүп, 2013-жылы Азия чемпионатында 1-орунду алып, алгачкы чоӊ ийгиликке жетиштим. Ошол эле жылы «Дүйнөлүк украин атаман» клубу менен келишим түзүп, 2013-жылдан 2016-жылга чейин иштедим. 2015-жылы Азия чемпионатында 3-орунду, ушул эле жылы «Жылдын мыкты спортчусу» наамын алгам. 2018-жылы Азия оюндарында 3-орунга жетишсем, ушул эле жылы эл аралык мелдеште ийгилик жараттым. Ага Азиянын, Европанын мушкерлери катышты», - деди ал.

Азат Үсөналиев: «2019-жылдын ноябрь айында Минск шаарында Советтер союзунун баатыры В.И.Ливенцевдин жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык турнир өттү. Ага 20дай өлкө катышты. Абдан жакшы мелдеш болду. Азиядан Кыргызстан командасы жана Тайланддын командасы гана катышты. Калганы Европа өлкөлөрүнөн келишти. Мен 52 кг салмакта биринчи Белоруссиянын, андан кийин украиналик мушкер менен беттешип, экөөнү теӊ жеӊип чыктым. Үчүнчү беттешке Улуу Британиянын мушкери менен чыктым. Жыйынтыгында 1-орунду алдым. Бул үч спортчу теӊ күчтүү болду. Үчөөнүн арасынан Англиянын, Украинанын мушкерлери чынында күчтүү экен.

Ар бир спорттун өзүнүн кыйынчылыгы, кооптуу жагдайлары болот. Кудай сактасын, ушул күнгө чейин чоӊ жаракат ала элекмин. Негизи бул спорттун жашоосу абдан кызыктуу. Спортту токтотсом жашоом кандай болот деп ойлоном. Бала кезде дайыма олимпиадалык оюндарды көрчүмүн. Ошол жерге барсам деп кыялданып, машыгуумду токтоткон жокмун. Азыр жогоруда айткандай олимпиадалык оюндарга катышуу үчүн болгон аракетимди жасап жатам. Кошумча эч жерде иштебейм. Ага убакыт жок. Стипендия алып турам», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×