Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Чүй облусуКемин району 29.11.2019 11:41

Кеминдеги мугалимдер медициналык алгачкы жардам боюнча мелдешке катышты

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районундагы мугалимдерге медициналык биринчи жардам боюнча тренинг уюштурулду. Бул тууралуу Кемин райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, тренингден кийин мугалимдер арасында мелдеш өткөрүлгөн.

«Тренингде мугалимдер медициналык биринчи жардам боюнча бир топ маалыматтарды алышты. Андан кийин Кемин, Орловка шаарларынын жана Боролдой айылынын мугалимдери мелдешке катышты. Жыйынтыгында Г.П.Кудряшова атындагы №1 Орловка орто мектебинин мугалимдери 1-орунду алышты. Жеӊүүчүлөргө белектер жана дипломдор тапшырылды», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×