Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Чүй облусу, Токмок 29.11.2019 23:33

Эл аралык майыптар күнү: Токмокто кайрымдуулук иш-чарасы өтөт

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарында 3-декабрь — Эл аралык майыптар күнүнө карата «Биз биргебиз» аттуу кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлөт. Бул тууралуу Токмок шаарынын мэриясынан билдиришти.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы кайрымдуулук иш-чарасынын программасын түзүп чыккан. Анда шаардык маданият үйүндө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн концерттик программа уюштурулса, спорт мектепте шахмат, шашки жана дартс боюнча мелдештер өтөт.

«Жүздөгөн баланы атайын кафеде даярдалган майрамдык дасторкон, белектер күтөт. Албетте, кайрымдуулук иш-чарасына бир гана мэрия эмес, тургундар, демөөрчүлөр да катышып, өз салымдарын кошсо болот», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×