Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Чүй облусуПанфилов району 01.12.2019 13:14

«О» деп кол койгон башкарма: Орозалынын артында туяк эмес, тоодой эмгек калган

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районундагы Букара айылында иш кагаздарына «О» деп тегеректеп сызып гана кол койгон колхоздун башкармасы Орозалы Текеев алгачкы жолу айылды таза суу, электр жарыгы менен камсыздаган.

О.Текеев 1909-жылы туулган. Ата-энесинен эрте ажыраган тоголок жетим 17 жашында өз ишмердүүлүгүн баштаган. Өз кезегинде эле аймактарды көтөрүү, элдин жашоо турмушун жакшыртуу маселесин алгачкылардан болуп көтөргөн. Ал өз учурунда депутат болуп, Эмгек Кызыл Туу жана Ленин ордендерин тагынган. Эмгеги бааланып, айылдагы мектепке аты түбөлүккө ыйгарылган. Азыр ал Орозалы Текеев атындагы орто мектеп болуп аталат. Бирок, эл жүгүн көтөргөн башкарма өмүрүнүн аягына чейин Зулайка апа менен жашап, балалуу болгон эмес.

«Панфилов районунун тоо тарабында Букара, Орто-Кайырма, Эркин-Сай, Тельман, Орто-Арык, Чорголуу жана башка айылдар жайгашкан. Учурда Букара айылында 260 кожолукта 1600дөн ашуун адам жашайт. Алар негизинен мал жана айыл чарбасы менен күн кечиришет. Айылда Орозалы Текеев атындагы орто мектеп, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана "Күн балдары " аттуу балдар бакчасы бар.

Айыл турмушун жакшыртуу, анын инфратүзүмүн өнүктүрүүнүн башаты 1927-1928-жылдардан башталган. 1926-жылы башкарма О.Текеев Кайыңды районундагы Чоң-Кайыңды суусуна көпүрө салуу демилгесин көтөргөн. Букара айылына радиотүйүнүн орноткон. Узундугу 5 чакырым ички жол салдырган. Айылдын башына кичи ГЭС курдуруп, суу түтүктөрүн койдуруп, элди таза суу менен камсыз кылган. Ошол эле жылдары майзаводу да айылга курдурулуп, көптөгөн жумуш орундар түзүлгөн. Айыл чарбасын өнүктүрүүгө, элдин социалдык-маданий жашоо шартын жакшыртууга күнү-түнү кара жанын карч уруп иштеген. Сабаттуулугу жеткиликтүү болбосо да сөзгө чечен, ар иштин көзүн билген чарбачыл башкарманы эл дайыма уккан, кадырлаган. Бардык аракеттерин кагазга толтурбай эле иш жүзүндө далилдеген. Иш кагаздарга кол койгондо "О" деп гана тегеректеп сызып койчу. Ал "Орозалы" дегенди түшүндүрчү. Бирок, бир өкүнүчтүүсү артында туяк калбады. Зулайка апа экөө өмүрүнүн акырына чейин ынтымактуу, үлгүлүү үй-бүлөнүн түтүнүн булатты. Ооба, алар Асан аттуу бала да багып алышкан. Бирок, ал да каза болуп калды. Тагдыр аларга бала эмес, эмгектен гана бакыт тартуулаган экен.

Айыл чарбасын өнүктүрүүдөгү эмгеги үчүн Орозалы атабыздын сүрөтү Москвадагы көргөзмөдө илинип турган. Эмгек Кызыл Туу, Ленин ордендерин тагынды. Анын өмүр жолу жаштарга үлгү. Ал 1976-жылы дүйнөдөн кетти. Артында тоодой эмгеги калды. Бүгүн биз көтөрүп жаткан аймактарды көтөрүү маселелери дал ушундай жөнөкөй, колунда бир да диплому жок чарбачыл, жүрөгү менен элди көрө билген адамдардан башталган тура. Биз айылыбыздын атактуу уулу Орозалыдай аталарыбыз менен сыймыктанабыз. Алар жарык дүйнөдөн өтсө да эмгегин эскерип, даңктап, барктап, дагы деле наамдарды ыйгарып туруу атуулдук парзыбыз. Улуу муундардын басып өткөн жолдору, тарых аркылуу жаштар өсөт», - деди айылдын 66 жаштагы тургуну Асылкан Коконова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×