Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Чүй облусу, Токмок 28.11.2019 14:00

Токмокто «Чүй-Дан-Азык» бала бакчасы оңдолуп жатат

Turmush -  Токмок шаарындагы №1 жана №3 кичи райондорундагы социалдык объектилер оңдолуп жатат.

Мэриянын маалыматына караганда, 2019-жылы №1 жана №3 кичи райондорунун социалдык объектилерин, жолдорун оңдоого жана районду көрктөндүрүүгө атайын акча каражаты бөлүнгөн. Анын негизинде «Чүй-Дан-Азык» бала бакчасында оӊдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары №4 башталгыч орто мектебинин имараты оңдоодон өткөн.

«Мектептин эшик-терезелери алмашылса, окуучуларыбыз муздак класстарда окубай калышат. Буга улай күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында №9 орто мектептин жылытуу системасы капиталдык оӊдоодон өттү.

Союз кулагандан бери кароосуз калган кичи райондорго алгачкы жолу көӊүл бурулуп, социалдык объектилерди, билим берүүчү имараттарды масштабдуу түрдө оӊдоп-түзөө иштери болуп жатат. Ошондой эле жаӊы бала бакчалар ачылууда. Буга чейин кичи райондордо көптөгөн бала бакчалар болгон. Алардын айрымдары жеке менчикке өтүп, пайдубалынан бери талкаланып кеткен. Мисалы, сиздер айткан №1 кичи райондогу аталган бала бакчанын орду бар. Жер тилкеси 2007-2009-жылдары “Касиет” ассоциациясынын менчиги болчу. Азыркы тапта Ж.Б.нын менчигинде. Бүгүнкү күндө мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен бала бакчалар жана ага тиешелүү жер тилкелерин өкмөткө кайтарып алуу иш-чаралары жүрүп жатат.

№1, №3 кичи райондордогу жашоочулардын кайрылуусу менен жолдор оӊдолуп, кээ бир көчөлөр акырындык менен асфальтталып жатат. Ушул эле №1 кичи райондун Фрунзе көчөсү жарыктандырылды», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин тургундар №1 кичи райондо союз убагынан бери иштеп келген «Теремок» бала бакчасы мындан 10-15 жыл мурун менчикке өтүп, талкаланып кеткенин, учурда анын орду акыр-чикирге айланып, мышык ыйларлык абалга келгенин айтып, жергиликтүү бийликке нааразы болушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×