Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 28.11.2019 12:41

Ысык-Атадагы О.Бөлөбалаев атындагы мектептин 3-кабаты оӊдолуп жатат

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Алмалуу айылындагы Осмонкул Бөлөбалаев атындагы орто мектебинин чатыры жаӊыланып, 3-кабаты оңдолуп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Мектептин директору Айнура Алмеизованын айтымында, аталган мектептин 3-кабаты көп жылдан бери оңдоого муктаж болуп келген.

«Республикалык бюджеттен каражат каралып, болжол менен 4 млн сомго чатырыбыз толугу менен жабылды. Бир гана мектептин чатыры эмес, спорт зал, жыйындар залынын чатыры жаңыртылды. Ошондой эле көп жылдан бери оңдоого муктаж болуп келген 3-кабатыбызда оӊдоп-түзөө иштери аткарылып жатат. Ага 2,5 млн сом кетти. Мектеп курулгандан бери 3-кабатыбыз оңдолбой, чатырдан суу агып, полдору чирип, шыбактары түшүп баштаган. Толугу менен оңдоп-түзөөгө дагы акча каражаты талап кылынат. Аны күтүп жатабыз», - деди ал.

Аталган мектептин имараты 1976-жылы пайдаланууга берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×