Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Чүй облусуСокулук району 28.11.2019 12:09

Аламүдүндө мамлекеттик тил боюнча жыйын өттү

Turmush -  Аламүдүн районунда мамлекеттик тил маселеси боюнча жыйын өттү. Ага айыл өкмөттүн жана билим берүү тармагынын кызматкерлери катышты. Бул тууралуу аталган райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

«Катышуучулар иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү иштери боюнча маалымат алышты. Аталган жыйынга Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын тил саясаты жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы Аида Ишеналиева катышып, суроолорго жооп берүү менен учурда тил саясатын өнүктүрүүдө жүрүп жаткан иштер менен тааныштырды», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×