Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Чүй облусуСокулук району 28.11.2019 11:48

Сокулукта интерактивдүү тактаны бала бакчаларда колдонуунун артыкчылыктары айтылды

Turmush -  Сокулук районунда «Интерактивдүү тактаны бала бакчаларда колдонуу» деген темада райондук семинар өттү. Ага райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилери, тарбиячылар катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Райондо 30 мектепке чейинки билим берүү мекемелери бар. Алардын ичинен алгачкылардан болуп «Ак-Барчын» бала бакчасында интерактивдүү такта колдонулат.

«Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында айыл жергесиндеги билим берүү мекемелеринде санариптик технологияны колдонуу колго алынууда. Ага мисал катары "Ак-Барчын" бала бакчасын атоого болот. Бул райондо, деги эле облуста алгачкы саамалык. Ушул техникалык каражаттын билим, тарбия берүүдөгү натыйжалуулугун жайылтуу максатында райондук семинар өткөрдүк. Интерактивдүү тактанын көп артыкчылыктары жайылтылды. Ал тарбиячыларды күндөлүк иш жараянында колдонулуучу дидактикалык материалдарды, көргөзмө куралдарды колго жасагандан бошотот. Убакыт үнөмдүү пайдаланылып, тарбия берүүнүн сапаттуулугу жогорулайт. Ошондой эле маалымат алуунун, берүүнүн ар кандай түрлөрүн, каражаттарын (сүрөт, видео, аудио) ыкчам таап, чоң экран аркылуу көрсөтүү бир топ ыңгайлуу жана натыйжалуу экенин турмуш тастыктап келет. Бул жагдай тарбиячы Гүлнура Эсенкулова өткөн математика сабагында тастыкталды. Катышуучулар интерактивдүү такта, окутуунун санариптик технологиялары жөнүндө практикалык жактан кеңири түшүнүк алышты. Семинардын катышуучусу Фадина Антонина Ивановнанын пикири боюнча, интерактивдүү тактаны бала бакчаларда колдонуу учурдун талабы. Убакыт үнөмдөлөт. Балдар маалыматты ыкчам жана таасирдүү кабыл алат. К

Семинардын соңунда жандуу баарлашуулар, тажрыйба алмашуу болду. Жаш бөбөктөр аларга ырдап, бийлеп да беришти», - деди «Ак-Барчын» бала бакчасынын башчысы Айгүл Бирназарова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×