Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Чүй облусу, Кара-Балта 28.11.2019 09:15 На русском

Кара-Балтада унаалар «капканга» түшүп калууда

Turmush -  Кара-Балта шаарында түн ичинде бир нече унаалар «капканга» түшүп калууда. Айдоочулардын айтымында, жолдогу оозу ачык люктар жааган кардан көрүнбөй, унаалардын дөңгөлөктөрү ошол люктарга такалып жатат.

Жабырлануучулардын бири: «Көчөлөр жарыктандырылган эмес. Түн ичинде оозу ачык люктар кардан көрүнбөй, "капкан" болуп жатышат. Эми талкаланган унаамды ким калыбына келтирип берет? Эвакуатордун акчасын ким төлөйт?», - деди.

Эвакуатордун айдоочусу жабырлануучунун сөзүн тастыктап: «Ушул люкка түн ичинде эки жолу чакырышты. Люкка кирип кеткен дөңгөлөктү бир адам жалгыз чыгара албайт», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×