Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Чүй облусуАламүдүн району 27.11.2019 17:59 На русском

Аламүдүндө балык уулагандар 177 миң сом айыпка жыгылды. Сүрөт

Turmush -  Аламүдүн районунда мыйзамсыз балык уулагандарга айып пул салынды. Бул тууралуу Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинен билдиришти.

Кечээ, 26-ноябрда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин кызматкерлери Аламүдүн районунда жайгашкан Ала-Арча суу куйма суу сактагычында мыйзамсыз балык уулагандарга каршы атайын рейд өткөрүштү. Рейд учурунда Бишкек шаарынын тургундары — С.Н. жана П.Д. аттуу жигиттер кармалган. Алар аталган суу сактагычта тиешелүү уруксат кагаздары жок балык уулоочу синтетикалык торлор менен балык кармап жүрүшкөн. Алардын автоунаасынан 129 даана карась, 15 даана сазан, 44 даана судак, 193 даана лещ жана 1 даана карп балыгы табылган. Андан сырткары балык кармоо үчүн колдонуп жүрүшкөн 1 чарчы чакырым көлөмдөгү синтетикалык тор алынды.

Аталган факт боюнча тиешелүү акт жана протокол түзүлүп, материалдар кылмыш ишин козгоо үчүн Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Кармалган жарандарга 176 миң 852 сом өлчөмүндө айып пул салынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×