Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Чүй облусуАламүдүн району 27.11.2019 12:00 На русском

Аламүдүндө мас адамдын жанын өзү тээп кеткен жылыткыч алды

Turmush -  Аламүдүн районунун Озерное айылында үйү өрттөнүп каза болгон киши жалгыз жашачу. Бул тууралуу айыл тургундары билдиришти.

ӨКМдин маалыматына караганда, кырсык айылдын Аул көчөсүндө болгон. Анын кесепетинен үйдүн 40 чарчы метр чатыры, жанаша жайгашкан чарбалык курулуштун ичиндег таштанды жана 1 торпок күйүп кетти. Өрттүн кесепетинен 1955-жылы туулган М.С. аттуу эркек адам каза болду. Өрт электр жабдууларын пайдалануудагы эреженин бузулушунан улам чыккан.

«Каза болгон киши сарайга уланып курулган кичинекей үйдө жалгыз жашачу. Анын үй-бүлөсү Бишкекте турушат. Биз билгени ичимдикти жакшы көрчү. Ушундан улам жалгыз жашачу деп айтышат. Ошол кичинекей үйдүн жанында чоӊ үй бар. Анда бир тууган иниси үй-бүлөсү менен жашайт.

Бул окуя кечээ, 26-ноябрда күндүз болду. Аталган киши мас болуп келип, бөлмөсүндөгү жылыткычты тээп кеткен экен. Жылыткыч жерге жыгылып калган. Өрт ошондон улам чыккан. Ал эми чоӊ үйдөгү бир тууганы өрттүн үнү угула баштаганда сыртка чуркап чыккан экен. Ошол маалда өрт жалындап кетиптир. Куткаруучуларды чакырып, алар өрттү өчүрүп, андан кийин маркумдун сөөгүн алып чыгышты», - деди тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×