Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Чүй облусуАламүдүн району 27.11.2019 10:08

Чүйдүн Озерное айылында үй өрттөнүп, 1 адам каза болду

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Аламүдүн районунун Озерное айылында үй өрттөнүп, бир адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык айылдын Аул көчөсүндө болгон. Анын кесепетинен үйдүн 40 чарчы метр чатыры, жанаша жайгашкан чарбалык курулуштун ичинде 10 чарчы метр таштанды жана 1 торпок күйүп кетти. Өрттүн кесепетинен 1955-жылы туулган М.С. аттуу эркек адам каза болду. Өрт электр жабдууларын пайдалануудагы эреженин бузулушунан улам чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×