Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Чүй облусу, Токмок 27.11.2019 09:41

Токмоктун тургундары талкаланган «Теремок» бала бакчасынын орду акыр-чикирге айланганына нааразы

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарынын №1 кичи районунда союз убагынан бери иштеп келген «Теремок» бала бакчасы мындан 10-15 жыл мурун менчикке өтүп, талкаланып кеткен. Учурда анын орду акыр-чикирге айланып, мышык ыйларлык абалда, деп билдиришти жергиликтүү тургундар.

Жашоочулардын бири Элмира Мамыралиеванын айтымында, бул жердин жолу оңдолбой, жарыктандыруу иштери да аткарылбай келет.

«Бул бала бакча союз убагынан бери иштеп келген. Бирок Бакиевдин убагында таптакыр талкаланып калды. Бала бакча «Теремок» деп аталчу. Ичи жомоктогудай, башкача курулган бала бакча болчу. Бала бакча болгонго чейин «Василев» аталышындагы чүчпара жасалчу. Бала бакчага айлангандан кийин деле ушул кишинин наамында деп укканбыз. Негизи муну мэрия сот аркылуу өзүнө каратып же иштетем деген кишиге өткөрүп бериши керек болчу. Бирок эмнегедир андай болгон жок. Тескерисинче, антисанитариялык абалга жетип, айланасы акыр-чикирге толуп калды. Токмок шаардык мэриянын алдындагы «Тазалык» ишканасына кайрылганда «ал жердин ээси бар, ошолорду таап тазалатып алгыла» дешкен.

Бала бакчанын жанында оргума иштеп турчу. Ал дагы бала бакча менен чогуу талкаланды. Ушул тегеректе жашаган элдин балдарынын баары ошол бала бакчадан чоӊоюшкан. Короосунда балдар ойной турчу аянтчасы бар эле. Анын ары жагында чоӊ жатакана бар болчу. Ал дагы менчикке өтүп, талкаланып бүттү. Мына ушундай талкаланган имараттардын айланасында, акыр-чикирге толгон жерде жашап келебиз. Биз тазалык үчүн акча төлөйбүз.

Бул айтылган жердин аталышы деле жок. Союздан калган асфальт жолубуз талкаланып бүттү. Буга улай ушул тегеректе жарыктандыруу ишке ашырылган эмес. Айлана караӊгы болуп, мектептен, жумуштан кеч келгендер дайыма коркуп өтүшөт. Анткени ушул тегерекке арак ичкен адамдар топтолушат. Шайлоонун алдында бир далай депутаттар келип, толгон-токой убадаларын берип кетишет. Бирок шайланып алгандан кийин анын бирин аткарышпайт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×