Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Чүй облусуЖайыл району 26.11.2019 23:44 На русском

Суусамырдагы унаа кырсыктан 6 адамдын өмүрү кыйылды. Жаңы сүрөттөр

Turmush -  Суусамыр өрөөнүндөгү унаа кырсыктан каза болгондордун саны 6 адамга жетти.

Маалым болгондой, бүгүн, 26-ноябрда «Хонда Стэпвагон» унаасынын 1998-жылы туулган айдоочусу Т.Эльмар көз жумду. Ал ооруканага оор абалда жеткирилген болчу.

«Хонда Стэпвагон» унаасында келе жаткан 8 адамдын алтоосу каза болду. Ооруканада 2004-жылы туулган А.Эркайым менен 2003-жылы туулган А.Айгерим жатат.

«Мерседесте» келе жаткан 10 адамдын ичинен жаракат алгандар:

- айдоочу Б. уулу Исабек жеңил жаракат алган;

- С.Алмакан 1977-жылы туулган. Жеңил жаракат алган;

- Т.Адилет 2011-жылы туулган. Жеңил жаракат алган;

- Т.Нускайым 2011-жылы туулган. Жеңил жаракат алган;

- Ж. Венера 1984-жылы туулган. Жеңил жаракат алган;

- Б.Абдыкадыр 1981-жылы туулган. Жеңил жаракат алган.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 24-ноябрда саат 23:50 чамасында Суусамыр өрөөнүндөгү унаа кырсыктан бир нече адам мерт болгону кабарланган. Бишкек—Ош унаа жолунун 163-чакырымында болгон кырсыкка «Мерседес-Бенц Спринтер» жана «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү унаалар катышкан. Анын кесепетинен 4-5 жаштар чамасындагы эркек бала, 3 аял каза болуп, 11 адам (2 эркек, 6 аял жана 3 жаш бала) жабыркаган.

Кырсык болгон жерге ӨКМден 5 куткаруучу, тез жардам кызматынан 1 бригада жана ИИМ кызматкерлери барган. Алар жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына, каза болгондордун денесин ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын такталган маалыматына караганда, 25-ноябрда саат 00:20 чамасында шашылыш медициналык жардам пунктуна Бишкек—Ош унаа жолунун 163-чакырымында жол кырсыгы болгону тууралуу кабар келип түшкөн. Аталган кырсыктын кесепетинен 13 адамдын ичинен 5 адам каза болгон. 3 адам окуя болгон жерден (бири жаш бала), 1 адам ооруканага жетпей каза болсо, дагы бири Жайылдагы жандандыруу бөлүмүндө көз жумган.

«Жабырлануучулар Суусамыр өрөөнүнүн жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жана шашылыш медициналык жардам пунктунун кызматкерлери биринчи медициналык жардам көрсөткөндөн кийин Жайыл районундагы ооруканага жеткирилген. Азыркы тапта 1 жабырлануучу жандандыруу бөлүмүндө, 3 жабырлануучу сыныктар бөлүмүндө жатса, 4 жабырлануучу медициналык кароодон өткөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү», - деп айтылган маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×