Бөлүмдөр
Шаршемби, 29-январь
Чүй облусу, Токмок 26.11.2019 12:13

Токмоктогу батирде камалып калган 2 жаштагы бала куткарылды

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарында батирде камалып калган 2 жаштагы бала куткарылды.

Шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө №3 кичи райондо жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 4-кабатындагы батирдин эшиги бекилип, ичинде 2 жаштагы бала жалгыз калганы тууралуу кабар келип түшкөн. Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, балкон аркылуу аталган батирге кирип, үйдүн эшигин ичинен ачышкан.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 18-ноябрда саат 13:41 чамасында болгон.

Ал эми жергиликтүү тургундар 2 жаштагы баланын апасы сыртка таштанды төккөнү чыгып кеткенде эшик бекилип калганын айтышты.

«Ача албай көпкө убара болдук. Ичинде 2 жаштагы бала камалып калган экен. Акыры куткаруучуларга телефон чалдык», - деп билдиришти тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×