Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Чүй облусу, Кара-Балта 26.11.2019 09:57 На русском

Кара-Балтада каргалар тамактануунун жаңы ыкмасын табышты

Turmush -  Кара-Балта шаарындагы тургундар каргалардын жаңы ыкма менен тамактануусуна күбө болушууда, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, каргалар грек жаңгагын ар кайсы жерлерден таап, бийик бак-дарактар бар асфальт жолго учуп келишет. Андан соң бутакка конуп, унаа күтүшөт. Жолдон унаа келе жатканын байкаган каргалар тумшугу менен кармап турган жаңгакты унаанын алдына ташташат. Төрт дөңгөлөктүн алдында калган жаңгактын катуу кабыгы талкаланып, ядросу сыртка чыгып калат. Аны кайра тумшугу менен алып, ыңгайлуу жерге барып жешет.

Ала каргалар экологияда чоң роль ойноп, зыяндуу курт-кумурскалар менен кемирүүчүлөрдөн сактайт.

«Окумуштуулар каргаларды табышмактуу канаттуулар деп эсептешет. Акыл-эс жагынан башка канаттуулар, жада калса жаныбарлар менен салыштырууга болбойт. Алар акылдуулугу менен иттер, дельфиндер жана адам сымал маймылдар менен да атаандаша алышат. Каргалар онго чейин санап, геометриялык фигураларды айырмалай алышат. Өз ара байланышты жана жайдары жашоонун артыкчылыктарын жакшы түшүнүшөт. Аларда сигнализация абдан жакшы өнүккөн. Анын жардамы менен ар кандай маалыматтарды бере алышат. Каргалардын арасында ишенимдүү никелик мамиленин белгилери байкалган.

Дүйнөдө каргалардын 105 түрү, Кыргызстанда 9 түрү жашайт», - деди эколог Александр Сидоренко.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×